Тажикстанда мектеп окуучулары кайрадан ууланды
Шамсиддин Шохин районунун Хожагалтон айылындагы мектептин дагы 20 окуучусу чымындын дарысынан ууланды. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына караганда, өткөн жумада аталган мектептин 50 окуучусу ушундай эле жагдайга туш болгон.
Жергиликтүү чиновниктердин айтымында, бул окуядан соң 1-июндан тартып үч күндүк каникул жарыяланып, жабырланган окуучулар райондук ооруканага жеткирилген.
Борбор Азия жаңылыктар кызматы кабарлагандай, окуяны иликтөө үчүн атайын комиссия түзүлгөн. Андан тышкары, айылдын медициналык пунктунда жабырланган окуучуларга жардам көрсөтүү боюнча штаб өз ишин баштады. Абалы оор болгон окуучу Куляб шаарынын ооруканасына жөнөтүлдү.
Аталган айылдын тургуну Муртазо Сараевдин айтымында, кечээтен бери ууланган 36 окуучу медициналык текшерүүдөн өтүп, айрымдары райондук ооруканага жаткырылды.
Жабырлангандардан анализ үчүн кан алынганы менен алардын уулануу себептери так аныктала элек. Дарыгерлер балдар санэпидстанциянын чымын-чиркейлерге каршы колдонгон дарысынан ууланышы ыктымал деп жатышат. Сараевдин пикиринде, айылдын климаты анча ысык эмес жана көп чымын-чиркей деле жок. Демек, окуучулар башка химикаттан ууланышы мүмкүн.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Кыргызстанда медициналык кадрлар жетишпейт
Саламаттыкты сактоо министрлиги кошумча айлык төлөө менен жаш кадрларды аймактарга тартууга ниет...
ДЕН СООЛУК 2016-05-04 16:35
Жалал-Абад шаарында эхинококкозго каршы күрөшүү максатында флешмоб...
Жалал-Абад шаарындагы борбордук базарында эхинококкозду алдын алуу максатында элдерге түшүндүрүү иштери...
ДЕН СООЛУК 2016-05-13 05:53
Дарыгерлер Олимпиаданы Рио-де-Жанейродо өткөрбөөгө чакырууда
Жүздөн ашуун кадыр-барктуу дарыгерлер Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (БССУ) жетекчисине...
ДЕН СООЛУК 2016-05-30 16:06
Тажикстанда ондогон мектеп окуучусу ууланды
Тажикстан Саламаттыкты сактоо министрлиги Шамсиддин Шохин районунун Хожагалтон кыштагынын 50дөн ашык...
ДЕН СООЛУК 2016-05-30 16:24
Тажикстан: окуучулар розанын жытынан улам эстен танышкан
Вахдат шаарынын прокуратурасы Суфиён кыштагынын №104 мектебинин 11 окуучусу розанын жытынан эстен...
ДЕН СООЛУК 2016-06-01 02:22
Президент А.Атамбаев балдар онкологиясы жана гематологиясы бөлүмүнө 5...
Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев 1-июнда Улуттук онкология...
ДЕН СООЛУК 2016-06-01 03:38
Казакстанда мунай өндүрүлгөн айылдарда балдар илдетке чалдыгууда
«Балдарбы же мунайбы?” коалициясы Казакстан бийлиги менен Chevron, Eni, BG Group, «Лукойл» жана...
ДЕН СООЛУК 2016-06-02 13:44