KELECHEK
rek

Чубак Жалилов депутаттарды сотко берген жок

Чубак Жалилов депутаттарды сотко берген жок

Кыргызстандын мурдагы муфтийи Чубак Жалилов Жогорку Кеңештин айрым депутаттарына жана укук коргоочуларга каршы сотко кайрылган жок. Бул тууралуу “Азаттыкка” анын адвокаты Акин Токталиев билдирди.

Анын айтымында, айрым сайттардын "Жалилов Жогорку Кеңештин депутаттары Аида Касымалиева менен Элвира Сурабалдиевага, укук коргоочулар Бүбүсара Рыскулова менен Азиза Абдирасуловага каршы сотко кайрылды" деген маалыматы туура эмес.

“Бизге "Чубак ажыга карата жазылды" деген арыз боюнча тергөө органдары жыйынтыгын бере элек. Биз анын жыйынтыгына карата чечим кабыл алабыз”, - деди Токталиев.

Өткөн жылдын соңунда Чубак ажы Жалиловдун экинчи аял алганы боюнча талкуу чыккан эле. Анда Жалилов экинчи аял алганын ырастаганы тууралуу тасма тараган. Мындан соң диний ишмердин жубайы Гүлнур Жалилова 9-декабрда күйөөсүнүн үстүнөн милицияга арыз жазганы кабарланган болчу. Арызда "өзүн жана балдарын жолдошунан коргоону" суранган, өмүрлүк жары аларды коркутканын, жашоосу жакшы болбой жатканын, аны менен чогуу жашаганды каалабай турганы жазылганы белгилүү болгон.

Милиция экс-муфтийдин жубайы "Сезим" кризистик борборуна арызданганын да ырастаган. Мындан соң Жогорку Кеңештин депутаттары жана укук коргоочулар диний ишмерге мыйзам чегинде чара көрүү маселесин көтөргөн эле.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...

УКУК 2016-07-05  23:25

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...

УКУК 2016-07-05  23:39

УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес

УКУК 2016-09-21  10:11

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...

УКУК 2016-05-02  11:39

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...

УКУК 2016-05-02  22:10

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы  эсебинен 17,5 миң  долларын 4 айдан...

УКУК 2016-05-02  22:38

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...

УКУК 2016-05-02  22:53