KELECHEK
rek

Жакупова менен Айыптын камакка алынган мүлктөрүн сатуу талабы коюлду

Жакупова менен Айыптын камакка алынган мүлктөрүн сатуу талабы коюлду

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин өкүлү Нурбек Сыдыков Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Чолпон Жакуповага таандык Ысык-Көлдөгү коттежди жана журналист Нарын Айыптын үлүшү бар батирди сатыкка чыгаруу талабы менен сотко кайрылды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Чолпон Жакупова кабарлады.

Анын айтымында, тиешелүү арыз менен экс-президенттин өкүлү Нурбек Сыдыков Бишкектин Октябрь райондук сотуна кайрылган. Арызда Жакупова ээлик кылган Ысык-Көлдөгү эс алуу үйүн сатыкка чыгарып, анын эсебинен айыппулду төлөтүүнү талап кылууда. Ал эми Нарын Айып жашаган батирди сатыкка коюу талабы айтылууда. Бул батирдин үчтөн бир бөлүгү гана журналистке таандык. Азырынча бул арыз боюнча соттук отурумдун мөөнөтү белгисиз. Буга чейин соттун чечими менен бул мүлктөр камакка алынган эле.

Башкы прокурордун мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин ар-намысын коргоо боюнча арызына ылайык, "Zanoza.kg" сайтынан жалпысынан 27 миллион сом өндүрүү тууралуу соттун чечими чыккан. Анын ичинен басылма 15 миллион сом, Нарын Айып 9 миллион сом, Дина Маслова 3 миллион сом төлөөгө милдеттүү болгон. Ушундай эле өңүттөгү кине менен “Адилет” укук коргоо клиникасынын жетекчиси Чолпон Жакупова 3 миллион сом, “Ата Мекен” партиясынын юристтери 10 миллион сом айыпка жыгылган.

Жергиликтүү жана эл аралык уюмдар бул сот чечимине байланыштуу тынчсыздануусун билдирип, аны сөз эркиндигине басым катары баалаган эле.

Буга чейин Кыргызстандын журналисттеринин эркин биримдиги 17 медиа жана эл аралык уюм да доого жыгылган журналисттерге каражат топтой баштаган.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...

УКУК 2016-07-05  23:25

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...

УКУК 2016-07-05  23:39

УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес

УКУК 2016-09-21  10:11

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...

УКУК 2016-05-02  11:39

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...

УКУК 2016-05-02  22:10

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы  эсебинен 17,5 миң  долларын 4 айдан...

УКУК 2016-05-02  22:38

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...

УКУК 2016-05-02  22:53