Назарбаев менен Трамп аймактык коопсуздук маселелерин талкуулашты
16-январда үч күндүк расмий сапар менен Вашингтонго келген Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев АКШ президенти Дональд Трамп менен жолугушту. Акыркы жолу Назарбаев Акүйдө расмий сапар менен 2006-жылы болгон.
Президент Трамп аймактык коопсуздук маселесинде Казакстан маанилүү өнөктөш экенин белгилеп, Ооганстанда терроризм менен күрөшүүгө жардам бергени үчүн ыраазычылыгын айтты.
Президент Назарбаев Трамптын президент болуп шайланышынын бир жылдыгы менен куттуктап, АКШ менен Орусиянын ортосундагы саясий мамилелердин начарлаганына тынчсыздануусун билдирди.
“Американын көз карандысыздык жана аймактык бүтүндүгүбүзгө көрсөткөн колдоосун Казакстан жогору баалайт ”, - деди Назарбаев.
Назарбаев Казакстанда америкалык ири мунай компаниялар иштеп жатканын эске салды. Ал казак тарап америкалык компаниялар менен 7,5 миллиард АКШ долларына тете 20дан ашуун келишим түзүүнү пландап жатканын айтты.
Назарбаевдин билдиришинче, Астана “Боингдерди” жана "Женерал Электриктен" 900 электровозду сатып алууну көздөөдө.
Назарбаев АКШдагы бул жолку сапары учурунда, 18-январда БУУнун Коопсуздук кеңешинде өзөктүк куралды жайылтпоо маселесине арналган жыйынга да катышат.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...
Мындай кат менен 13-июлда Британиянын жаңы премьер-министри Тереза Мэйге...
ДҮЙНӨ 2016-07-15 18:14
БУУ: Алепподо гуманитардык колонна аба чабуулуна кабылды
Дүйшөмбүдө автоколоннага...
ДҮЙНӨ 2016-09-21 09:36
VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...
VimpelCom акционерлери компаниянын аброюна шек келтирди деген айып менен норвегиялык Telenor Group түзүмүнүн...
ДҮЙНӨ 2016-05-02 23:03
Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат
БУУнун Сирия боюнча өкүлү бүгүн Сириядагы тынчтык жараяны менен убактылуу жарашуу режимин калыбына...
ДҮЙНӨ 2016-05-04 15:45
НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо
АКШ коргоо министринин айтымында, бул күчтөр “орусиялык агрессияга” бөгөт коюу максатында...
ДҮЙНӨ 2016-05-04 16:06
Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады
Республикачы, миллиардер Дональд Трамп Индиана штатында жеңишке жетишти. Бул АКШ президенттигине ат...
ДҮЙНӨ 2016-05-04 16:46
АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду
Иракта америкалык авиасоккудан улам “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун алдынкы...
ДҮЙНӨ 2016-05-05 16:52









