Тегеран Ирандагы толкундоолор үчүн башка өлкөлөрдү күнөөлөдү
Ирандын тышкы иштер министри Мохаммад Жавад Зариф Ирандагы башаламандыкты кубаттаган өлкөлөргө эскертүү жасады.
Ирандын бардык аймактарында соңку эки аптадан бери өкмөткө каршы өтүп жаткан нааразылык акцияларына байланыштуу Зариф маалымат берип, толкундоолор чет өлкөлөрдүн, анын ичинде АКШ, Израиль, Сауд Арабиянын чалгындоо кызматтары тарабынан уюштурулду деп айыптады. “Коңшуларга туруксуздук орнотуу менен бир дагы өлкө өзү коопсуз боло албайт”, – деди ал Тегерандагы маалымат жыйыны учурунда.
Зариф мындай аракеттердин аркасы жаман бүтөрүн эскертти.
Кошмо Штаттар Ирандагы толкундоолордун артында Вашингтон турат деген дооматтарды жокко чыгарды. Борбордук чалгындоо башкармалыгынын башчысы Майк Помпео 7-январда агенттиктин башаламандыктарга тиешеси жок экенин билдирген. АКШ президенти Дональд Трамп нааразылык акциясына чыккандарды жогору баалап, Вашингтон аларга жардам көрсөтүүгө даяр экенин айткан. Ирандагы толкундоолор учурунда 22 киши өлүп, 1700тен ашууну камалды.
7-январда Германиянын тышкы иштер министри Зигмар Габриэль Европа биримдиги Зарифти өкмөткө каршы нааразылык акцияларына байланыштуу сүйлөшүүгө чакырарын маалымдаган.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...
Мындай кат менен 13-июлда Британиянын жаңы премьер-министри Тереза Мэйге...
ДҮЙНӨ 2016-07-15 18:14
БУУ: Алепподо гуманитардык колонна аба чабуулуна кабылды
Дүйшөмбүдө автоколоннага...
ДҮЙНӨ 2016-09-21 09:36
VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...
VimpelCom акционерлери компаниянын аброюна шек келтирди деген айып менен норвегиялык Telenor Group түзүмүнүн...
ДҮЙНӨ 2016-05-02 23:03
Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат
БУУнун Сирия боюнча өкүлү бүгүн Сириядагы тынчтык жараяны менен убактылуу жарашуу режимин калыбына...
ДҮЙНӨ 2016-05-04 15:45
НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо
АКШ коргоо министринин айтымында, бул күчтөр “орусиялык агрессияга” бөгөт коюу максатында...
ДҮЙНӨ 2016-05-04 16:06
Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады
Республикачы, миллиардер Дональд Трамп Индиана штатында жеңишке жетишти. Бул АКШ президенттигине ат...
ДҮЙНӨ 2016-05-04 16:46
АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду
Иракта америкалык авиасоккудан улам “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун алдынкы...
ДҮЙНӨ 2016-05-05 16:52









