Евробиримдик диний партия лидерлерине чыгарылган катаал өкүмдү сындады
Европа биримдигинин басма сөз катчысы Майя Косьянчич өз билдирүүсүндө Тажикстандын Жогорку сотунун Ислам кайра жаралуу партиясынын лидерлерине карата чыгарган чечимин сындады.
Документте жараян ачык-айкын өткөрүлбөй, соттолуучулардын укуктары бузулгандыгы белгиленген.
«Бул Тажикстандын эл аралык мыйзамдар алдындагы милдеттенмелерине каршы келет. Соттолгондордун күнөөсүнүн айкын далилдениши керек эле. Жогорку соттун чечими тажик коомчулугунун биримдигине да доо кетириши мүмкүн”, - деп айтылат Евробиримдиктин билдирүүсүндө.
Коопсуздук күчтөрү операция жүргүзгөн учурда да Тажикстан жарандарынын укуктары сакталып жана мыйзам үстөмдүгүнүн камсыздалышы керектиги кошумчаланган.
2-июнда Тажикстандын Жогорку Сотунун чечими менен Ислам кайра жаралуу партиясынын саясий кеңешинин 14 мүчөсү тең күнөөлүү деп табылган. Партия төрагасынын эки орун басары – Саидумар Хусайни менен Махмадали Хаит өмүр бою эркинен ажыратылышкан. Калгандары 2 жылдан 28 жылга чейин абакка отургузулган. Соттолгондордун ичиндеги жападан-жалгыз аял жана партиянын юристи Зарафо Хожаева 2 жылдык мөөнөткө жатак колонияга кесилген.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...
Мындай кат менен 13-июлда Британиянын жаңы премьер-министри Тереза Мэйге...
ДҮЙНӨ 2016-07-15 18:14
БУУ: Алепподо гуманитардык колонна аба чабуулуна кабылды
Дүйшөмбүдө автоколоннага...
ДҮЙНӨ 2016-09-21 09:36
VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...
VimpelCom акционерлери компаниянын аброюна шек келтирди деген айып менен норвегиялык Telenor Group түзүмүнүн...
ДҮЙНӨ 2016-05-02 23:03
Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат
БУУнун Сирия боюнча өкүлү бүгүн Сириядагы тынчтык жараяны менен убактылуу жарашуу режимин калыбына...
ДҮЙНӨ 2016-05-04 15:45
НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо
АКШ коргоо министринин айтымында, бул күчтөр “орусиялык агрессияга” бөгөт коюу максатында...
ДҮЙНӨ 2016-05-04 16:06
Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады
Республикачы, миллиардер Дональд Трамп Индиана штатында жеңишке жетишти. Бул АКШ президенттигине ат...
ДҮЙНӨ 2016-05-04 16:46
АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду
Иракта америкалык авиасоккудан улам “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун алдынкы...
ДҮЙНӨ 2016-05-05 16:52