Президент жана спортчуларды чет өлкөдө калпак кийүүгө милдеттендирүү сунушталууда
Парламент депутаттары ак калпакты өлкөнүн башка улуттук символдору – мамлекеттик туу, герб жана гимнге теңөөнү сунушташууда. Мыйзам долбоору парламент сайтына жайгаштырылды.
Жогорку Кеңештин депутаттарынын сунушу боюнча калпакты президент, төрага жана анын орун басарлары, өкмөт мүчөлөрү расмий иш-чараларда, башка өлкөлөргө барганда жана расмий делегацияларды кабыл алуу учурунда милдеттүү түрдө кийиши керек. “Бул кыргыз элинин маданиятын жана салт-санаасын сактоо жана таанытуу максатында” жасалууда.
Документке ылайык, калпакты Кыргызстанды эл аралык мелдештерде тааныткан спорчулар дагы кийүүгө милдеттүү болушат.
Мыйзам долбоорунда калпак тигүүгө жана сатууга чектөө киргизүү да каралган.
Мыйзам авторлору калпакты кор кармагандарды жазалоону талап кылышууда. Бирок документте жаза тариптери жазылган эмес.
Мыйзам долбоору мода көргөзмөсүндө итке калпак кийгизилгенден кийинки жаңжалдан соң жарык көрдү. Активисттер бул окуяны кыргыз элин мазактоо жана улут аралык жаңжалды козутуу катары баалашкан.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды
Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...
УКУК 2016-07-05 23:25
Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды
Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...
УКУК 2016-07-05 23:39
УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес
Атайын кызмат Убактылуу өкмөт...
УКУК 2016-09-21 10:11
Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет
6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...
УКУК 2016-05-02 11:39
Египетте оппозициялык эки журналист камалды
Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...
УКУК 2016-05-02 22:10
Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды
Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы эсебинен 17,5 миң долларын 4 айдан...
УКУК 2016-05-02 22:38
Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул
Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...
УКУК 2016-05-02 22:53









