KELECHEK
rek

Түндүк Корея Сеул менен сүйлөшүүгө макул болду

Түндүк Корея Сеул менен сүйлөшүүгө макул болду

Түндүк Корея бийлиги Түштүк Кореянын 9-январда түз сүйлөшүүлөрдү өткөрүү боюнча сунушун колдоду. Бул 2015-жылдан берки жогорку деңгээлдеги алгачкы жолугушуу болот. Ал эки өлкөнүн чек арасынын кесилишиндеги Пханмунджом айылында өтөт.

Сүйлөшүүлөр учурунда Түндүк Кореянын Пхёнчхандагы Олимпиадалык оюндарга катышуусу, Корей жарым аралындагы абал талкууланат. Бул тууралуу Түштүк Корея министрлер бирикмесинин өкүлү маалымдады.

Жаңы жылдык куттуктоо алдында Түндүк Корея лидери Ким Чен Ын Пхеньян Сеул менен ачык диалогго даяр экенин жана Пхёнчханда өтө турган Олимп оюндарына улуттук курама командасын жөнөтүүгө ниеттенип жатканын айткан. Түштүк Кореянын президенти Мун Чжэ Ин Ким Чен Ындын бул демилгесин колдогон.

Түндүк Корея лидери Ким Чен Ын 3-январда жабык байланыш линиялары аркылуу Түштүк Корея менен сүйлөшүүлөрдү баштоону тапшырган. Кышкы Олимпиада 9-февралда Түштүк Кореянын Пхёнчхан шаарында башталып, 25-февралга чейин созулат.

Эки өлкөнүн сүйлөшүүлөрдү баштоо демилгесин АКШнын президенти Дональд Трамп колдоду. Коргоо министрлиги 2018-жылдын башына белгиленген Түштүк Корея менен бирге өтө турган аскер машыгууларын кийинкиге жылдыруу чечимин кабыл алды. Буга чейин Пхеньян аскер машыгууларын өткөрүүнү айыптаган.

Былтыр декабарда АКШ Түндүк Кореяга карата санкцияларды кеңейткен. 22-декабрда БУУнун Коопсуздук кеңеши баллистикалык ракеталарды сынаганы үчүн Пхеньяга карата жаңы чектөөлөрдү киргизген.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...

Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...

Мындай кат менен 13-июлда Британиянын жаңы премьер-министри Тереза Мэйге...

ДҮЙНӨ 2016-07-15  18:14

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...

VimpelCom акционерлери компаниянын аброюна шек келтирди деген айып менен норвегиялык Telenor Group түзүмүнүн...

ДҮЙНӨ 2016-05-02  23:03

Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат

Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат

БУУнун Сирия боюнча өкүлү бүгүн Сириядагы тынчтык жараяны менен убактылуу жарашуу режимин калыбына...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  15:45

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо

АКШ коргоо министринин айтымында, бул күчтөр “орусиялык агрессияга” бөгөт коюу максатында...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  16:06

Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады

Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады

Республикачы, миллиардер Дональд Трамп Индиана штатында жеңишке жетишти. Бул АКШ президенттигине ат...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  16:46

АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду

АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду

Иракта америкалык авиасоккудан улам “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун алдынкы...

ДҮЙНӨ 2016-05-05  16:52