Душанбедеги элчиликти Худжандга көчүрүү сунушталды
Жогорку Кеңештин депутаты Таабалды Тиллаев Кыргызстандын Тажикстандагы элчилигин Душанбе шаарынан Худжандга көчүрүү керек деп эсептейт. Мындай пикирин ал өткөн жума парламенттин жалпы жыйынында айтты.
“Тажикстан менен негизги карым-катнаш Худжанд шаары менен болууда. Ал жерде өкүлчүлүк жок экен” деди депутат.
Ошону менен катар Тиллаев Кыргызстандын чет мамлекеттердеги элчиликтеринин ишин парламентте талкуулоону сунуш кылды.
“Бизде баары кошулуп 38 дипломатиялык өкүлчүлүк бар экен. Бирок алар аткарган бир көрүнүктүү жумуш көрбөй жатабыз. Февраль айында календарга киргизип, министрдин ар бир элчилик боюнча отчетун уксак. Мамлекет миллиондогон акча кетирип аларды кармап турат. Кээ бир өкүлчүлүктөр айлык алып жумушта отурганына эле сүйүнүп жүрөбү дейм. Инвестиция тартуу боюнча саналуу эле элчиликтердин ишин көрүп жатабыз. Көпчүлүгү ишти алгылыктуу алып бара албай жатат” деди депутат.
Жыйынга катышкан өкмөттүн парламенттеги өкүлү депутаттын бул сынына жооп берген жок.
Кыргызстандын 116 мамлекет менен дипломатиялык байланышы бар. Өлкө 71 эл аралык уюм менен кызматташат. 30 дипломатиялык өкүлчүлүк, 8 консулдук бөлүм бар.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт
Укук коргоочулар Жогорку Сот бул ирет Азимжан Аскаровду актайт деген үмүттө болушууда. Юристтер...
CАЯСАТ 2016-04-27 09:55
Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты
Миллиардер Дональд Трамп шейшемби күнү республикачылар партиясынын беш штатта өткөн алгачкы...
CАЯСАТ 2016-04-27 09:59
Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти
Өлкөнүн Коргоо кеңеши КР Президентинин катышуусу менен жабык эшик артында отурум өткөрдү. Анда чек...
CАЯСАТ 2016-05-02 11:06
Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда
Одессанын губернатору Михаил Саакашвили 2-майга Украинанын “тышкы жана ички” душмандары...
CАЯСАТ 2016-05-02 11:33
Назарбаев Казакстанда "украин сценарийи” болуп кетпесин деп эскертет
1-майда Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев улуттук биримдикке доо кетүү коркунучу бар...
CАЯСАТ 2016-05-02 11:48
Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты
Германиянын өтө оңчул саясий партиясы шайлоо алдындагы манифестин кабыл алды. Анда өлкөдө “исламга...
CАЯСАТ 2016-05-02 22:06
"Кумтор Голд Компанинин" эки жетекчиси өлкөдөн чыгып кетти
30-апрелде Кумтөрдүн эки жетекчиси Кыргызстандан чыгып кетишти. Бул тууралуу башкы прокуратура...
CАЯСАТ 2016-05-04 15:12









