KELECHEK
rek

Иран парламенти өлкөдөгү кырдаалды жабык талкуулады

Иран парламенти өлкөдөгү кырдаалды жабык талкуулады

Тегеран шаары

Иран парламенти 7-январда атайын жыйынга чогулуп, өлкө жарандарынын өкмөткө каршы нааразылык акцияларын жабык режимде талкуулады.

Ирандын ISNA маалымат агенттиги сессияга өлкөнүн ички иштер министри жана чалгындоо башкармалыгынын, Коопсуздук кеңешинин башчылары катышканын маалымдоодо.

Күн тартибинде өлкөдөгү кырдаалды талкуулоодон тышкары, нааразычылык акция учурунда камакка алынган адамдарга укуктук жардам берүү зарылдыгы каралды.

Өкмөткө каршы акциялар жүрүп жаткан күндөрү бийлик мамлекеттик ММКлар аркылуу өкмөттү колдогон митингдерди гана көрсөтүүдө. Бирок “Эркин Европа/Азаттык” радиосу 6-январда өкмөткө каршы нааразылык акциялар Тегеранды кошкондо тогуз шаарда өткөнү тууралуу маалыматтарды алды. Социалдык түйүндөргө жарыяланган видеолордо митингчилерди көптөгөн полиция кызматкерлери курчап турганын көрсө болот.

Мындан тышкары өлкөнүн Такестан, Арак, Масжид Солейман, Мешхед, Казвин, Рашт, Лахиджан шаарларында жана Иран Ислам Республикасынын негиздөөчүсү, аятолла Рухолла Хомейнинин кичи мекени Хомейниде түнкү демонстарциялар болуп жатканы кабарланууда.

Иранда бир жумадан берки нааразылык акцияларындагы кагылыштарда 22 адам өлүп, 1700дөн ашык адам камалды.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...

Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...

Мындай кат менен 13-июлда Британиянын жаңы премьер-министри Тереза Мэйге...

ДҮЙНӨ 2016-07-15  18:14

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...

VimpelCom акционерлери компаниянын аброюна шек келтирди деген айып менен норвегиялык Telenor Group түзүмүнүн...

ДҮЙНӨ 2016-05-02  23:03

Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат

Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат

БУУнун Сирия боюнча өкүлү бүгүн Сириядагы тынчтык жараяны менен убактылуу жарашуу режимин калыбына...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  15:45

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо

АКШ коргоо министринин айтымында, бул күчтөр “орусиялык агрессияга” бөгөт коюу максатында...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  16:06

Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады

Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады

Республикачы, миллиардер Дональд Трамп Индиана штатында жеңишке жетишти. Бул АКШ президенттигине ат...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  16:46

АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду

АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду

Иракта америкалык авиасоккудан улам “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун алдынкы...

ДҮЙНӨ 2016-05-05  16:52