
Жалал-Абадда окуучуларга Президенттин белектери тапшырылды (ФОТО)

Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев Ноокен районундагы эки окуучуга Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун белектерин тапшырды. Бул туурасында ыйгарым укуктуу өкүлдүн басма сөз катчысы маалымдады.
Жаңы 2018-жылдын босогосунда Жалал-Абад облусунун аймагынан бир топ окуучулар КР Президенти С.Жээнбековго атайын белек суранышып, кат менен кайрылышкан. Мамлекет башчысы бир топ окуучулардын өтүнүчтөрүн орундатып, өзүнүн белектерин жолдогон.
Ноокен районунун Масы айыл аймагынынын Масы айылындагы №1 Жоомарт Бөкөнбаев атындагы орто мектептин 3-классынын отличник окуучусу Чыңгыз Акматалиев Президентке Жаңы жылдык белек сурап, кат жазган. Окуучунун тилеги ишке ашып, президенттин белегине татыктуу болду. Өкүл Кыянбек Сатыбалдиев жана Ноокен районунун акими Эркинбек Маматаев Чыңгыздын үйүнө баш багышып, Президенттин ага жөнөткөн белегин тапшырды.
Президенттин ушундай эле белегине Достук айыл аймагына караштуу Ынтымак айылындагы №26 Тургунбай Анаркулов атындагы орто мектептин 3- "А" классынын отличник окуучусу Бактыгүл Молдобекова дагы татыктуу болду. Бактыгүл дагы Жаңы жылдын алдында мамлекет башчысына компьютер белек кылуусун суранып, кат жазган. Облус башчысы Кыянбек Сатыбалдиев жергиликтүү бийлик башчылары менен биргеликте Бактыгүл Молдобекованын үйүнө барышып, ага Президенттин жөнөткөн белегин тапшырды. Өкүл К. Сатыбалдиев Бактыгүлдүн апасы Нуржамалга кызына жакшы окуучунун сумкасын алып берүүсүн дайындап, өз жанына 5 миң сом акча тапшырды.
Жалал-Абад облусу боюнча 1-класстан 6-класска чейинки 8 окуучу Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдон Samsuns Galaxsy Tad A планшет телефондорун белекке алышты.
Жолдошбай Осмонов, Жалал-Абад облусу
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Жоолукчандардын жоругу талкууга жем таштады
2-апрелде облустук казыят Жалал-Абад мамлекеттик университетинин жыйындар залында “Салттуу...
Аймак 2016-04-27 09:56
Ноокен районунун Сакалды айылында милициянын генерал-майору Э....
Бүгүн, 6-май күнү Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Масы айыл өкмөтүндөгү Сакалды айылында жайгашкан...
Аймак 2016-05-06 17:07
Чаткалда мектепке көмөкчү чарба уюштуруу үчүн марафон өттү
Чаткал районунун Каныш-Кыя айылындагы С. Байдөөлөтов орто мектебинде 23-майда аталган мектепке көмөкчү...
Аймак 2016-05-23 20:40
КР Жогорку Сотунун төрайымы А.Токбаева Чаткалда болду
КР Жогорку Сотунун төрайымы Айнаш Токбаева алыскы райондордогу райондук соттордун...
Аймак 2016-05-30 13:59
Таш-Көмүр шаарынын тургуну атасынан калган куралды мыйзамсыз алып...
Таш-Көмүр шаарында “Арсенал” аталышындагы ыкчам иш-аракеттердин негизинде Таш-Көмүр шаарынын...
Аймак 2016-06-13 15:51
Ноокен районунда “Хизбут-Тахрир” диний экстремисттик уюмунун...
Жалал-Абад ОИИБгы, УКМК жана облустук казыят менен биргеликте, 11-июнь күнү Жалал-Абад облусунун...
Аймак 2016-06-13 16:09
Июнь окуясында курман болгон маркум милициянын майору...
"Тарых жана маданият" жылына карата Базар-Коргон РИИБмү тарабынан "Мекеним менин Кыргызстан"...
Аймак 2016-06-14 14:41