
Иштамберди кенинде иштеген 370 кызматкер жумуштан айдалды

Ала-Бука районундагы Иштамберди алтын кенин иштеткен “Фул Голд Майнинг” компаниясы жаңы келишим менен иштөөгө макул болбогон 370 кызматкерди жумуштан бошотту. Бул тууралуу тоо-кен тармагы боюнча кесиптик кошуундар уюмунун Жалал-Абад облустук бөлүмүнүн башчысы Абдижалил Ташматов “Азаттыкка” билдирди.
Анын айтымында, ишкана жумушчулардын маянасын азайтып, аларды иштен кетүүгө аргасыз кылды:
- Кытай компаниясы иштеп эле жаткан кызматкерлерди келишимин токтотуп, жаңы жылдан баштап жаңы, убактылуу эмгек келишимин сунуш кылган. Анда жумушчулардын айлыгын 30% азайтып, бир топ шарттарды кыйындаткан. Кызматкерлер ал келишимге макул болбой, кол койбой коюшту. Натыйжада иш токтоп калды. Келишимге кол койбогондон кийин алар автоматтык түрдө иштен кеткен болуп калат. Алар “кааласаңар кол коюп, биздин шартка көнгүлө, болбосо иштебей эле койгула” деп, "башка кызматкер таап алабыз" дегендей кылып жатышат да, - деди Ташматов.
Тоо-кен тармагы боюнча кесиптик кошуундун республикалык жетекчилиги компания жумушчулардын шартына туура келбеген жаңы келишим сунуш кылуу менен Эмгек кодексин бузуп жатканын айтып, Жер казынасын иштетүү боюнча мамлекеттик комитетке кайрылганы турат. Ал эми кызматкерлер алтын кенин иштеткен компания мурдагыдай маяна менен кызматка албаса, нааразылык акцияларын уюштурууну көздөп жатышат.
“Фул Голд Майнинг” компаниясынан жагдай боюнча комментарий алууга мүмкүн болгон жок. Компаниянын генералдык директору Гун Цзегуандын мөөрү менен колу коюлуп, кесиптик кошуунга жиберилген катында болсо ишкана каржы маселесинде кыйынчылык болуп жатканы үчүн маяналарды азайтууга аргасыз болуп жатканы жазылган.
Маалыматтарга ылайык, компанияда 600дөй кызматкер болгон. Алардын 370и жумуштан бошотулса, калган 200ү жарым-жартылай төлөнгөн эмгек өргүүсүнө чыгарылган. Алардын орточо маянасы 30 миң сомду түзөт.
“Фул Голд Майнинг” компаниясы Иштамбердиде 2011-жылдан баштап иштейт. Ал алгач технологиянын начардыгынан алтын өндүрүүнү ишке ашыра алган эмес. 2016-жылдан баштап гана Иштамберди алтын кенинде алгачкы алтын аралашкан куймалар өндүрүлө баштаган. Ала-Бука районундагы Иштамберди кенинде 40 тоннага жакын алтындын кору бар деп эсептелген.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Жоолукчандардын жоругу талкууга жем таштады
2-апрелде облустук казыят Жалал-Абад мамлекеттик университетинин жыйындар залында “Салттуу...
Аймак 2016-04-27 09:56
Ноокен районунун Сакалды айылында милициянын генерал-майору Э....
Бүгүн, 6-май күнү Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Масы айыл өкмөтүндөгү Сакалды айылында жайгашкан...
Аймак 2016-05-06 17:07
Чаткалда мектепке көмөкчү чарба уюштуруу үчүн марафон өттү
Чаткал районунун Каныш-Кыя айылындагы С. Байдөөлөтов орто мектебинде 23-майда аталган мектепке көмөкчү...
Аймак 2016-05-23 20:40
КР Жогорку Сотунун төрайымы А.Токбаева Чаткалда болду
КР Жогорку Сотунун төрайымы Айнаш Токбаева алыскы райондордогу райондук соттордун...
Аймак 2016-05-30 13:59
Таш-Көмүр шаарынын тургуну атасынан калган куралды мыйзамсыз алып...
Таш-Көмүр шаарында “Арсенал” аталышындагы ыкчам иш-аракеттердин негизинде Таш-Көмүр шаарынын...
Аймак 2016-06-13 15:51
Ноокен районунда “Хизбут-Тахрир” диний экстремисттик уюмунун...
Жалал-Абад ОИИБгы, УКМК жана облустук казыят менен биргеликте, 11-июнь күнү Жалал-Абад облусунун...
Аймак 2016-06-13 16:09
Июнь окуясында курман болгон маркум милициянын майору...
"Тарых жана маданият" жылына карата Базар-Коргон РИИБмү тарабынан "Мекеним менин Кыргызстан"...
Аймак 2016-06-14 14:41