KELECHEK
rek

Түркмөнстандын түндүгүндөгү жарандар газсыз калышы мүмкүн

Түркмөнстандын түндүгүндөгү жарандар газсыз калышы мүмкүн

Дашогуз облусундагы Болдумсаз райондук Газ чарбачылык башкармалыгы колдонуучулардан 2018-жылга карата газга төлөм жүргүзүү үчүн жаңы дүмүрчөктөрдү сатып алууну талап кылууда. Бул тууралуу «Азаттыктын» түркмөн кызматынын аймактагы өз булактары кабарлашты.

Маалыматка караганда, дүмүрчөктөр бар жаңы китепчелердин баасы - 160 манатты (45 долларды) түзөт.

Жергиликтүү тургундардын айтымдарында, бул жаңылык жашоочулардын көбү үчүн күтүүсүз болду. Дашогуз — өлкөнүн эң аз камсыз болгон жана жумушсуздук деңгээли жогору аймактардын бири болуп эсептелет.

Булактын маалымдашынча, жаңы китепчелерди бардык жарандар, анын ичинде мурдагы дүмүрчөктөрү түгөнө электер дагы алууга милдеттүү. "Китепчелерди сатып албаган үй-бүлөлөргө жаңы жылдан кийин газ берүү токтотуларын эскертишти", - деди ал.

Жергиликтүү тургундар газга, электр энергиясына жана сууга болгон жеңилдиктер жоюлгандан кийин үйлөрдү жылытууда чоң кыйынчылыктарга дуушар болуп жаткандыктарын билдиришүүдө. Үй-бүлөлөрдүн көбү коммуналдык кызматтарды пайдаланууда чыгымдарды кыскартууга мажбур болушууда.

"Жакында бизди жакшы эле иштеп жаткан эсептегичибизди санарип жабдууга алмаштырууга мажбурлашты, базарда алардын баасы кымбат. Ай сайын өзүбүздү тонолгон адамдай сезип калып жатабыз", - деди Гадам аттуу жергиликтүү тургун.

Быйыл Түркмөнстан бийлиги калкка бекер газ, электр энергиясын жана суу берүү боюнча жеңилдиктерди жойгон.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...

КООМ 2016-04-27  10:01

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Кыргызстанда ажылыкка аттангандар эмдөөдөн...

КООМ 2016-07-15  18:08

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...

КООМ 2016-05-02  23:28

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Үстүбүздөгү жылдын  30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...

КООМ 2016-05-03  00:53

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...

КООМ 2016-05-03  01:52

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...

КООМ 2016-05-04  16:00

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...

КООМ 2016-05-04  16:13