Путин: АКШ жана НАТОсуз Ооганстанда абал мындан дагы жаман болмок
Орусия президенти Владимир Путин Ооганстанда абал начарлап бара жатканын, бирок НАТО менен АКШнын контингенти болбосо кырдаал мындан дагы оор болмок экенин билдирди.
Интерфакс маалымдагандай, орус лидери Федералдык Жыйын палатасынын жетекчилери менен жолугушуу учурунда Ооганстандын Тажикстан, Өзбекстан менен чектешкен бардык аймактарында Талибан кыймылынын жоочулары турганын айтты.
Путиндин пикиринде, Ооганстанда “Ислам мамлекети” тобунун жоочуларынын пайда боло башташы жана Талибан кыймылы менен тирешүүсү абалды оорлоштурууда.
«Чындыгында НАТО менен АКШнын коалициясы Ооганстанда жайгашкандан бери абал начарлады. Бирок Кошмо Штаттар ал жакта болбогондо кырдаал мындан дагы жаман болмок. АКШ менен мамилебиз солгун, бирок ишке объективдүү карашыбыз керек», - деди Владимир Путин.
Буга чейин Орусия ТИМи Ооганстан боюнча АКШ менен иштешүүгө даяр экенин маалымдаган.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...
Мындай кат менен 13-июлда Британиянын жаңы премьер-министри Тереза Мэйге...
ДҮЙНӨ 2016-07-15 18:14
БУУ: Алепподо гуманитардык колонна аба чабуулуна кабылды
Дүйшөмбүдө автоколоннага...
ДҮЙНӨ 2016-09-21 09:36
VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...
VimpelCom акционерлери компаниянын аброюна шек келтирди деген айып менен норвегиялык Telenor Group түзүмүнүн...
ДҮЙНӨ 2016-05-02 23:03
Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат
БУУнун Сирия боюнча өкүлү бүгүн Сириядагы тынчтык жараяны менен убактылуу жарашуу режимин калыбына...
ДҮЙНӨ 2016-05-04 15:45
НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо
АКШ коргоо министринин айтымында, бул күчтөр “орусиялык агрессияга” бөгөт коюу максатында...
ДҮЙНӨ 2016-05-04 16:06
Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады
Республикачы, миллиардер Дональд Трамп Индиана штатында жеңишке жетишти. Бул АКШ президенттигине ат...
ДҮЙНӨ 2016-05-04 16:46
АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду
Иракта америкалык авиасоккудан улам “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун алдынкы...
ДҮЙНӨ 2016-05-05 16:52









