Кыргызстан менен Казакстан президенттери чек араны демаркациялоо макулдашуусуна кол коюшту
Президент Сооронбай Жээнбековдун Казакстандагы расмий иш сапарынын жыйынтыгы боюнча бир катар биргелешкен документтерге кол коюлду.
Сооронбай Жээнбеков менен Нурсултан Назарбаев кол койгон документтердин арасында эки тараптуу кызматташтык боюнча биргелешкен билдирүү, кыргыз-казак чек арасын демаркациялоо жөнүндөгү макулдашуу бар.
Президенттик аппараттын маалыматтык-саясат бөлүмү билдиргендей, Сооронбай Жээнбеков казакстандык кесиптешине расмий сапарга чакырганы жана жылуу тосуп алганы үчүн ыраазычылык билдирди:
- Биз, Нурсултан Абишевич менен чакан жана кеңейтилген форматта эки өлкөнүн кызматташтыгын мындан ары өнүктүрүү багытында маанилүү сүйлөшүүлөрдү жүргүздүк. Ортодогу бардык маселелерди өз ара түшүнүшүү, достук жана эки тарапка тең ыңгайлуу багытта чечүүнү макулдаштык. Быйылкы жыл бир тууган эки мамлекет үчүн символикалуу мааниге ээ, дипломатиялык мамилелерге 25 жыл толду. Бул өтө кыска убакыт, бирок иш жүзүндө биздин алака кылымдарга созулат. Туугандык, достук жана коңшулук боюнча көп кылымдык байланыш азыркы мамиленин бекем негизи,- деген Жээнбеков Нурсултан Назарбаевди Кыргызстанга расмий сапар менен келип кетүүгө чакырды.
Ал сапардын алкагында Кыргызстан менен Казакстандын Мамлекеттер аралык кеңешинин кезектеги отурумун өткөрүү планы бар экенин белгиледи.
Өз кезегинде Назарбаев эки мамлекет боордош, өнөктөш экенине, жалпы тарыхы, тили жана маданияты бардыгына токтолду.
"Сүйлөшүүдө өзгөчө көңүл эки тараптуу экономикалык мамилелерге бурулду. Сооронбай Жээнбеков менен Минск шаарындагы сүйлөшүүдөн аз убакыт өткөнүнө карабай, фитосанитардык, ветеринардык, транспорт, салык, бажы көзөмөл тармагында көп иштер жүрдү. Бардык маселелер жөнгө салынды, чек арада транспорттун тыгыны жок. Бүгүн мен чакан чөйрөдөгү сүйлөшүүдө документтин ар бир пунктун сапаттуу ишке ашыруу тууралуу тапшырма бердим. Биздин өлкөлөрдүн ортосундагы товар айлантуу 19 пайызга көбөйдү, эми колдогу резервдерди активдүү колдонуп, 2020-жылы 1 миллиард долларга чейин чыгарышыбыз керек", - деди Назарбаев.
Жээнбеков Казакстанга расмий иш сапар менен 25-декабрда барган.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт
Укук коргоочулар Жогорку Сот бул ирет Азимжан Аскаровду актайт деген үмүттө болушууда. Юристтер...
CАЯСАТ 2016-04-27 09:55
Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты
Миллиардер Дональд Трамп шейшемби күнү республикачылар партиясынын беш штатта өткөн алгачкы...
CАЯСАТ 2016-04-27 09:59
Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти
Өлкөнүн Коргоо кеңеши КР Президентинин катышуусу менен жабык эшик артында отурум өткөрдү. Анда чек...
CАЯСАТ 2016-05-02 11:06
Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда
Одессанын губернатору Михаил Саакашвили 2-майга Украинанын “тышкы жана ички” душмандары...
CАЯСАТ 2016-05-02 11:33
Назарбаев Казакстанда "украин сценарийи” болуп кетпесин деп эскертет
1-майда Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев улуттук биримдикке доо кетүү коркунучу бар...
CАЯСАТ 2016-05-02 11:48
Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты
Германиянын өтө оңчул саясий партиясы шайлоо алдындагы манифестин кабыл алды. Анда өлкөдө “исламга...
CАЯСАТ 2016-05-02 22:06
"Кумтор Голд Компанинин" эки жетекчиси өлкөдөн чыгып кетти
30-апрелде Кумтөрдүн эки жетекчиси Кыргызстандан чыгып кетишти. Бул тууралуу башкы прокуратура...
CАЯСАТ 2016-05-04 15:12









