KELECHEK
rek

Жалал-Абад мамлекеттик университетине Бекмамат Осмоновдун ысымы берилди

Жалал-Абад мамлекеттик университетине Бекмамат Осмоновдун ысымы берилди

Сегизинчи чакырылыштагы Жалал-Абад шаардык кеңешинин кезектеги төртүнчү сессиясында Жалал-Абад мамлекеттик университетине Кыргызстандагы белгилүү коомдук, саясий ишмер, Жалал-Абад областынын мурдагы жетекчиси Бекмамат Осмоновдун ысымын ыйгарууга макулдук берүү чечими кабыл алынды.

Сессияга келген шаардык кеңештин 23 депутаты Жалал-Абад мамлекеттик университетинен түшкөн сунушту карап, талкуулап, бир добуштан колдоду.  

Буга чейин 2017-жылдын 6-мартында Жалал-Абад мамлекеттик университетинин окутуучулар жана студенттер жамааты областтык жана шаардык маанидеги ардагерлер кеңештеринин, коомчулуктун өкүлдөрүнүн катышуусу менен чоң жыйын өткөрүп, окуу жайга Бекмамат Осмоновдун ысымын берүү маселесин талкууланган жана оң чечим кабыл алган.

Тилекке каршы, быйылкы жылы саясий партиялардын ортосундагы саясий консенсустун жоктугунан шаардык кеңеш өз убагында ишин баштай албай, бул маселени шаардык деңгээлде кароо кечигип келген. Эми бүгүн бул маселеге чекит коюлду.

Мындан ары бул маселе Билим берүү жана илим министрлигинде жана өкмөттүк деңгээлде каралат.

Эскерте кетсек, Бекмамат Осмонов союз мезгилинде чарбалык-партиялык кызматтарды аркалап келген. Чарбада адистиктен баштап жетекчиге чейин, кийин райондун, областтын жетекчиси болуп иштеген. Бир нече жолу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп, 1991-жылы августта “легендарлуу” парламенттин курамында Кыргыз Республикасынын көз карандысыздык жөнүндөгү декларациясын кабыл алууну сунуштоочулардан болгон.

Ал 1991-жылы жаңыдан түзүлгөн Жалал-Абад областын башкарып турган кезде областтын социалдык-экономикалык, маданий өнүгүшүнө бараандуу кызмат кылган. Ал көптөгөн мыкты кадрларды даярдап, алар азыркы кезде өлкөнүн ар кайсы тармактарында үзүрлүү иштеп жатышат.  

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

АКШнын космостук кемеси Юпитердин орбитасына жетти

АКШнын космостук кемеси Юпитердин орбитасына жетти

Юпитердин гравитация жана магниттик талааларын иликтеп, анын атмосферасына байкоо салган...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-07-05  23:34

Жалал-Абадда “Жол кыймылынын жаш инспектору” аталыштагы кароо-сынак...

Жалал-Абадда “Жол кыймылынын жаш инспектору” аталыштагы кароо-сынак...

Жалал-Абад шаарындагы Кыргыз-Түрк лицейинде 29-апрель күнү жыл сайын өтүүчү “Жол кыймылынын жаш...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-02  12:13

Казакстанда балдар 6 жаштан мектепке бара баштайт

Казакстанда балдар 6 жаштан мектепке бара баштайт

Казакстандын мектептеринде 12 жылдык окутуу программасына өтүү иши төрт жыл ичинде толугу менен...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-04  16:32

Окуучулар арасында “Мээримдүүлүк түбөлүккө жашасын!” аталыштагы...

Окуучулар арасында “Мээримдүүлүк түбөлүккө жашасын!” аталыштагы...

Бүгүн, 7-май күнү Жалал-Абад шаарынын Барпы театрынын алдында КР Улуттук Кызыл Ай коомунун облустагы...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-07  15:23

Окумуштуулар Кыргызстандан соолуган океандын фрагментин табышты

Окумуштуулар Кыргызстандан соолуган океандын фрагментин табышты

Эл аралык окумуштуулар тобу Кыргызстандын Тянь-Шань тоолорунан илгери соолуп калган океандын...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-11  17:16

Өзбекстан: окуучулардын мечитке баруусуна тыюу салынды

Өзбекстан: окуучулардын мечитке баруусуна тыюу салынды

Өзбекстан бийлиги ашкере исламдашуудан арылуу саясатынын негизинде каникул учурунда балдардын...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-11  17:26

Жалал-Абаддагы Экономика жана ишкердик университетинде “Ачык эшик”...

Жалал-Абаддагы Экономика жана ишкердик университетинде “Ачык эшик”...

Жалал-Абад шаарындагы Экономика  жана  ишкердик университетинде “Ар бир  кесип  ардактуу”...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-13  09:30