KELECHEK
rek

Мирзиёевдин кызы Өзбекстан өкмөтүндө кызматка дайындалды

Мирзиёевдин кызы Өзбекстан өкмөтүндө кызматка дайындалды

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин кичүү кызы Шахноза Умарова Мектепке чейинки билим берүү министрлигинде жооптуу кызматка дайындалды. Министрлик быйыл 30-сентябрда президенттин жарлыгы менен түзүлгөн.

Мекеменин аты-жөнүн айтпаган кызматкеринин билдиришинче, 31 жаштагы Шахноза Умарова мектепке чейинки билим берүү системасын реформалоого жооптуу болуп дайындалды. 18-декабрда Шавкат Мирзиёев өткөргөн селектордук жыйында Шахноза Умарова өлкөнүн мектепке чейинки билим берүү министри Агриппина Шиндин жанында отурган.

Анда Шавкат Мирзиёев Өзбекстандагы балдар бакчаларына тарбиялануучулардын социалдык, инсандык, эмоционалдык, психологиялык жана чыгармачылык өнүгүүсү боюнча окуу программалары киргизилбегенин билдирди. «Кыскача айтканда, балдар бакчасы билим берүүчү эмес, ата-энелер жумушта жүргөн маалда балдарды карап турчу гана мекеме болуп калды», – деди Мирзиёев.

Мектепке чейинки билим берүү министринин орун басары Кахрамон Арипов өлкөдө Түштүк Кореянын тажрыйбасына негизделген бала бакчалар түзүлөрүн билдирди. «Алар анча чоң болбойт. 50, 100 жана 150 балага ылайыкташтырылган мектепке чейинки билим берүү мекемелери катары ачылат», – деди ал.

Маалыматка караганда, Шавкат Мирзиёеев президент болуп шайланганга чейин Шахноза Умарова бир канча жыл Түштүк Кореяда жашап келген. Айрым өзбек ММКлары кабарлагандай, анын жолдошу Отабек Умаров президенттин жеке жансакчысы болуп иштейт. Жыл башында Eltuz.com интернет-басылмасы Мирзиёев кичүү күйөө баласын президенттин Коопсуздук кызматына жумушка алганын жазган. Сайттын маалыматына караганда, Отабек Умаров анда мамлекет башчынын Коопсуздук кызматынын төрага орун басары кызматына дайындалган.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...

КООМ 2016-04-27  10:01

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Кыргызстанда ажылыкка аттангандар эмдөөдөн...

КООМ 2016-07-15  18:08

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...

КООМ 2016-05-02  23:28

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Үстүбүздөгү жылдын  30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...

КООМ 2016-05-03  00:53

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...

КООМ 2016-05-03  01:52

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...

КООМ 2016-05-04  16:00

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...

КООМ 2016-05-04  16:13