Мурдагы коргоо министри генерал-майор наамынан ажыратылды
Мурдагы коргоо министри Таалайбек Өмүралиев. 12-сентябрь, 2012-жыл.
Мурдагы коргоо министри Таалайбек Өмүралиев Биринчи май райондук сотунун өкүмү менен генерал-майор аскердик наамынан ажыратылып, 5 миллион сом айыппул төлөмөк болду. Бул тууралуу Жогорку соттун маалымат кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, райсот Өмүралиевге тагылган "Кызматтык ыйгарым укуктарынан аша чабуу" (305) беренеси боюнча актап, "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" (304) беренеси боюнча күнөөлүү деп тапкан.
Иликтөөнүн жүрүшүндө Таалайбек Өмүралиев коргоо министри болуп турганда каржы бөлүмүнүн башчысы менен сүйлөшүп алып, республикалык бюджеттен бөлүнгөн 5 миллион сомду чарбалык субъектиге максатсыз бөлгөнү аныкталган.
Буга байланыштуу Аскер прокуратурасы Кылмыш-жаза кодексинин “Кызмат абалынан ашыра пайдалануу”, “Кылмышка шериктеш болуу”, “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренелери боюнча кылмыш ишин козгогон. .Өмүралиев өзүнө тагылган айыптарды четке кагып келет.
"Азаттык" үналгысы
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды
Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...
УКУК 2016-07-05 23:25
Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды
Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...
УКУК 2016-07-05 23:39
УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес
Атайын кызмат Убактылуу өкмөт...
УКУК 2016-09-21 10:11
Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет
6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...
УКУК 2016-05-02 11:39
Египетте оппозициялык эки журналист камалды
Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...
УКУК 2016-05-02 22:10
Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды
Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы эсебинен 17,5 миң долларын 4 айдан...
УКУК 2016-05-02 22:38
Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул
Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...
УКУК 2016-05-02 22:53









