KELECHEK
rek

Трамп сексуалдык ыдык көрсөтүү боюнча айыптоолорго жооп берди

Трамп сексуалдык ыдык көрсөтүү боюнча айыптоолорго жооп берди

Дональд Трамп

АКШнын президенти Дональд Трамп бир нече аялга сексуалдык ыдык көрсөткөндүгү тууралуу айтылган айыптоолорго жооп берди. Буга чейин америкалык төрт сенатор бул айыптоолорго байланыштуу анын отставкага кетүүсүн талап кылышкан.

«Демократтар убактысын жана миллиондогон долларларды бекерге короткондугуна карабастан, «Орусия менен кутум болгонун» далилдей алышкан жок. Ошондуктан алар мен билбеген жана таптакыр көрбөгөн аялдар тууралуу ойдон чыгарылган окуялар менен жалган айыптоолорго өтүштү», — деп жазды Трамп шейшембиде Твиттер баракчасына.

«Президент Трамп отставкага кетиши керек. Бул бир нече адам тараптан айтылган анык айыптоо болуп жатат», – деп билдирген сенатор Кирстен Жиллибранд дүйшөмбүдө CNN телеканалынын эфиринде.

Ал эгер Трамп тез арада өз эрки менен отставкага кетпесе, Конгресс тиешелүү иликтөө иштерин жүргүзүп, президентти жооп берүүгө чакырышы керектигин кошумчалаган.

​Мурдараак көз карандысыз сенатор Берни Сандерс, ошондой эле демократ-сенаторлор Жефф Меркли менен Кори Буркер да ушундай талаптарды айтып чыгышкан.

Өткөн жылы Дональд Трампты сексуалдык ыдык көрсөтүүгө айыптаган үч аял анда айткандарын дүйшөмбү күнү дагы кайталашып, Конгресс президентке карата айтылган дооматтар боюнча иликтөө жүргүзүшү керектигин билдиришкен.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...

УКУК 2016-07-05  23:25

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...

УКУК 2016-07-05  23:39

УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес

УКУК 2016-09-21  10:11

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...

УКУК 2016-05-02  11:39

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...

УКУК 2016-05-02  22:10

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы  эсебинен 17,5 миң  долларын 4 айдан...

УКУК 2016-05-02  22:38

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...

УКУК 2016-05-02  22:53