KELECHEK
rek

АКШ Ирандын Йеменге курал жеткиргендигинин далилдерин келтирди

АКШ Ирандын Йеменге курал жеткиргендигинин далилдерин келтирди

АКШнын БУУдагы туруктуу өкүлү Ники Хейли иран ракетасынын сыныктарын көрсөтүүдө

АКШда Ирандын БУУ санкцияларын бузуу менен Йемендеги хусит козголоңчуларына курал-жарак жеткиргендиги тууралуу конкреттүү далилдери бар. Бул тууралуу Кошмо Штаттардын БУУдагы туруктуу өкүлү Ники Хейли билдирди.

14-декабрда ракетанын бөлүктөрү коюлган Вашингтондогу аскер кампасында сүйлөгөн Хейли алар «төгүндөлбөс далилдерге» ээ экенин айтты.

“Кошмо Штаттар Иран режиминин абалды туруксуздаштырчу жүрүм-турумуна өзгөчө көңүл бура баштады. Бул биз өзөктүк программа менен гана чектелебиз дегенди түшүндүрбөйт. Биз ошондой эле Ирандын баллистикалык ракеталар боюнча программасын, курал-жарак экспорттоосун жана террорчуларды, жоочуларды жана диктаторлорду колдоосун иликтеп жатабыз”, - деди Хейли.

Кампада коюлган ракета бөлүгүндө ал Йемендин аймагынан Сауд Арабиянын борбору Эр-Рияддын жанындагы эл аралык аэропортко учурулган Ирандын ракетасы экенин ырастаган маркировканы көрүүгө болот. Андан тышкар коомчулукка учкучсуз учак менен танкка каршы курал көрсөтүлдү. Расмий адамдардын айтымдарында, булар Сауд Аравиянын күчтөрү тарабынан Йеменде табылган.

«Аларда ошондой эле «Иранда өндүрүлгөн» деген жазуулар дагы болушу мүмкүн болчу», - деди Хейли.

Маанилүү өзөктүк келишимге байланыштуу кабыл алынган Бириккен Улуттар Уюмунун резолюциясы Коопсуздук кеңешинин уруксаты жок Тегерандын курал-жарак жеткирүүсүнө, сатуусуна жана берүүсүнө тыюу салган. БУУнун өзүнчө кабыл алынган резолюциясы Йемендеги козголоңчу хуситтерге кандай гана курал болбосун жеткирүүгө толук тыюу салат.

Сауд Аравияны душман жана Жакынкы Чыгыштагы бийлик үчүн атаандаш катары эсептеген Тегеран хуситтерге курал-жарак жеткирип жатканын көптөн бери четке кагып келет. Иран Хейлинин 4-ноябрдагы ракеталык чабуул тууралуу билдирүүсүн «жоопкерчиликсиз, чагымчыл жана бүлүндүрүүчү» деп атады. Сауд Арабиясы Вашингтондун Жакынкы Чыгыштагы негизги союздашы болуп эсептелсе, Вашингтон сауд аскерлери үчүн негизги курал жеткирүүчү болуп саналат.

Хейлинин билдирүүсү ноябрдын башында йемен козголоңчулары Сауд Арабиясына учурган эки ракетанын Иран тараптан жеткирилген-жеткирилбегенди боюнча БУУ иликтөөсү жарыяланган маалга туура келди. Associated Press жана Agence France-Press агенттиктери билдиргендей, БУУнун расмий адамдары ракетанын сыныктарын иликтешип, алар «бир жерден чыкканын», бирок Иран тараптан жеткирилди деген жыйынтык чыгарууга болбой турганын билдиришкен.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...

Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...

Мындай кат менен 13-июлда Британиянын жаңы премьер-министри Тереза Мэйге...

ДҮЙНӨ 2016-07-15  18:14

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...

VimpelCom акционерлери компаниянын аброюна шек келтирди деген айып менен норвегиялык Telenor Group түзүмүнүн...

ДҮЙНӨ 2016-05-02  23:03

Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат

Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат

БУУнун Сирия боюнча өкүлү бүгүн Сириядагы тынчтык жараяны менен убактылуу жарашуу режимин калыбына...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  15:45

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо

АКШ коргоо министринин айтымында, бул күчтөр “орусиялык агрессияга” бөгөт коюу максатында...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  16:06

Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады

Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады

Республикачы, миллиардер Дональд Трамп Индиана штатында жеңишке жетишти. Бул АКШ президенттигине ат...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  16:46

АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду

АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду

Иракта америкалык авиасоккудан улам “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун алдынкы...

ДҮЙНӨ 2016-05-05  16:52