Өзбекстандан Ысык-Көлгө авиа, темир жол каттамы ачылат
Өзбекстандын мамлекет башчысы Шавкат Мирзиёев Ташкенттеги жолугушууда Өзбекстандан Ысык-Көлгө темир жол каттамын ачуу боюнча макулдашуу бар экенин билдирди.
"Кыргызстанда уникалдуу Ысык-Көл көлү бар. Биздин эл авиакаттам ачуубузду каалады эле, бирок биз темир жол каттамын ачууну да макулдаштык. Эгер кошунабызда кудай берген жер турганда эмнеге эл алыска барышы керек? Транспорттук-логистикалык маселеде биз кыйла алдыга жылдык, - деди Мирзиёев.
Өзбекстан президенти чек арадагы талаштуу маселелер дагы чечилерин баса белгиледи.
"Албетте президенттин эрки керек болгон маселелер бар. Менимче, ал бизде бар. Биз бир жылда чек аранын 85 пайызын аныктап койдук. Бул башталышы гана. Акырындык менен чечебиз. Биз эл эмнени кааласа, ошону кылып жатабыз. Алар бардык жакшы нерсени эртең эмес бүгүн көргүсү келип жатат ”, - деди Мирзиеёв.
Өз кезегинде кыргыз президенти Сооронбай Жээнбеков Өзбекстанга чакырып, жылуу кабыл алганы үчүн Мирзиёевге ыраазычылык билдирип, экс-президент Алмазбек Атамбаев ыйгарган “Данакер” орденин тапшырды.
Президент Сооронбай Жээнбековдун Өзбекстанда эки күндүк расмий иш сапары 13-декабрда башталган.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Жарандык коом ТИМдин ишин сындады
Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...
КООМ 2016-04-27 10:01
Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат
Кыргызстанда ажылыкка аттангандар эмдөөдөн...
КООМ 2016-07-15 18:08
Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...
Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...
КООМ 2016-05-02 23:28
Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...
Үстүбүздөгү жылдын 30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...
КООМ 2016-05-03 00:53
«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...
«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...
КООМ 2016-05-03 01:52
Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда
Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...
КООМ 2016-05-04 16:00
Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда
Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...
КООМ 2016-05-04 16:13