KELECHEK
rek

Жалал-Абаддагы Барпы театрында Телерадио кызматакерлеринин кесиптик күнү белгиленди

Жалал-Абаддагы Барпы театрында Телерадио кызматакерлеринин кесиптик күнү белгиленди

Жалал-Абад шаарындагы облустук Барпы атындагы  драма театрында 8-декабрь – Телерадио кызматкерлеринин кесиптик күнү белгиленди. Бул туурасында ыйгарым укуктуу өкүлдүн басма сөз катчысы маалымдады.

8-декабрь – Телерадио кызматкерлеринин кесиптик күнүнө арналган салтанаттуу иш чарага облустун аймагында ишин алып барып жаткан бардык телеканалардын чыгармачыл эмгек жамааттары, район-шаарлардан келишкен өкүлдөр, облусттук жана шаардык мекеме-уюмдардын жетекчилери менен коомчулуктун өкүлдөрү катышты.

Майрамдык салтанаттуу иш чара Жалал-Абад облустук мамлекеттик телерадиокомпаниясы (ЖАМТРК) тарабынан быйылкы “Ыйман, адеп жана маданият” жылына карата уюштурулган “Ойно аккордеон” кароо-сынагынын жеңүүчүлөрүнүн гала концерти менен башталды. Аталган теледолбоорду уюштуруп өткөрүүгө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев өзүнүн резервдик фондусунан 190 миң сом акча каражатын которуп берген.

- Сиздерди 8-декабрь – Телерадио кызматкерлеринин кесиптик күнү менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад областындагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын жана өзүмдүн атымдан чын ыкласымдан куттуктаймын. Илим менен технологиялык прогресс аябай өнүккөн бүгүнкү заманда демократияны туу туткан өлкөбүздүн калкынын турмушун телекөрсөтүүсүз жана радиоуктуруусуз дегеле элестетүү мүмкүн эмес. Телекөрсөтүүлөрдүн санарипке өтүүсү көрсөтүүлөрдүн сапатын дагы жаңы бийиктикке чыгарды. Сиздер өзүңүздөр даярдаган ар кыл багыттагы телекөрсөтүүлөр аркылуу күн сайын  миңдеген үй-бүлөлөргө ар кыл темадагы кабарларды тынбай тартуулайсыздар. Сиздердин чыгармачыл иш аракетиңиздер аркылуу мамлекетибизде жана коомубузда болуп жаткан орчундуу жаңылыктар элибиздин энчисине айланууда жана коомдук пикир калыптанууда. Бирок, ар бир тележаңылыктар менен маалыматтардын артында чыгармачыл топтун түйшүктүү эмгеги – тележурналисттер менен операторлордун, режиссерлор менен видеоинженерлердин оор түйшүгү бар экендигин карапайым көрүүчү ар дайым эле аңдай бербейт. Өлкөбүздө телеканалдардын көбөйүүсү көрөрмандарга кеңири тандоо мүмкүнчүлүгүн жаратып олтурат. 24 саат бою берилген “Ала-Тоо” маалымат программасы, маданият, баластан, билим жана спорт каналдары элибиздин сүйүктүү каналдарына айланып калды.

Технологиялык алдыңкы үлгүдөгү каражаттар менен камсыздалган телеканалдардын эң башкы сыйкырдуу күчү – коомдук пикирди жана турмушту калыптандырууда ар кыл улуттагы, ар кыл курактагы улуу-кичүүлөрдүн башын бириктирип, аларды бир максатка, бир багытка буруудагы мааниси аябагандай артты. Телевидение улуттар арасындагы достук менен карым-катнашты, ынтымак менен ырашкерликти чыңдаган жана элибизди жаратмандыкка чакыруучу улуу күч болуп калгандыгы жашыруун эмес. Телеэфирден айтылган ар бир сөз өзгөчө кудрет-күчкө – жаратуучу да, кыйратуучу да касиетке ээ болуп калаарын телевидение тармагында иштегендер жакшы түшүнөт. “Жакшы сөз жан эритет, жаман сөз жан кейитет” дегендей телекөрсөтүүлөрдө адам тагдырына этият жана аяр мамиле жасообуз зарыл,- деди ыйгарым укуктуу өкүлдүн аппаратынын жетекчиси Исламбек Масабиров.

Телерадио кызматкерлеринин кесиптик майрамына арналган салтанаттуу иш чаранын жүрүшүндө бир катар телеканалдар менен тележурналисттер Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын Ардак грамоталары жана Дипломдору менен сыйланышты.

ЖАМТРК тарабынан уюштурулган  “Ойно аккордеон” теле кароо-сынагынын жыйынтыгы чыгарылып, байгелүү биринчи орунду камсыз кылган  Токтогул районуна Диплом жана 20 миң сом сертификат,  экинчи орунду камсыз кылган Сузак районуна Диплом жана 15 миң сом сертификат, үчүнчү орунду камсыз кылган Ноокен районуна Диплом жана 10 миң сом сертификат тапшырылды. Мындан сырткары теле кароо-сынакка активдүү катышкандыгы үчүн Базар-Коргон жана Чаткал райондорунун өнөрпоздору Диплом жана 5 миң сомдон акчалай сыйлыктар менен сыйланышты.

“Ойно аккордеон” теле кароо-сынагынын эң мыкты жеке аткаруучулары дагы аныкталды.  “Эң мыкты аккордеонист” номинациясы боюнча Диплом жана 5 мин сом акчалай сыйлык менен Токтогул районунан Эркин Батырканов, “Мыкты аккордеонист” номинациясы боюнча Диплом жана 3 мин сом акчалай сыйлык менен Сузак районунан Базарбай Мадоморов, “Эң улуу  аккордеонист” номинациясы боюнча Диплом жана 3 мин сом акчалай сыйлык менен Аксы районунан 79 жаштагы Токтогул Орозбаев, “Эн кенже аккордеонист” номинациясы боюнча  Диплом жана 3 миң сом акчалай сыйлык менен Тогуз-Торо районунан 9 жашар Бейшенбек уулу Нурлан, “Аккордеонист айым” номинациясы боюнча Диплом жана 3 миң сом акчалай сыйлык менен Ала-Бука районунан Сейдикан Турдалиева жана “Чыгаан аккордеонист” номинациясы боюнча Диплом жана 3 миң сом акчалай сыйлык менен Таш-Көмүр шаарынан Шайакмат Абдиев сыйланышты.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...

КООМ 2016-04-27  10:01

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Кыргызстанда ажылыкка аттангандар эмдөөдөн...

КООМ 2016-07-15  18:08

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...

КООМ 2016-05-02  23:28

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Үстүбүздөгү жылдын  30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...

КООМ 2016-05-03  00:53

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...

КООМ 2016-05-03  01:52

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...

КООМ 2016-05-04  16:00

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...

КООМ 2016-05-04  16:13