KELECHEK
rek

Түркмөн мунайгаз компанияларынын кредиттик рейтингдери нөлгө барабар болуп калды

Түркмөн мунайгаз компанияларынын кредиттик рейтингдери нөлгө барабар болуп калды

Түркмөнстандын мунайгаз секторундагы ири мамлекеттик ишканалары чет өлкөлүк өнөктөштөрүнө 20 миллион доллар карыз болуп калды. Бул тууралуу эл аралык CIS Debt Recovery Solutions юридикалык компаниясы билдирүүдө.

Ноябрда компания "Түркмөнмунай" мамлекеттик концерни үч жылдан бери чет өлкөлүк өнөктөшүнө 8 миллион доллар карызын төлөбөй келе жатканын билдирген. "Түркмөнгаз" компаниясынын бересеси болсо 15 миллион долларды чамалайт.

Юридикалык компания 3-декабрда Түркмөнстан менен кызматташкан бир катар дипломатиялык өкүлчүлүктөргө карыз өндүрүү боюнча жардам сурап кайрылган. CIS Debt Recovery Solutionsтун ага кеңешчиси Тарас Копий “Азаттыкка” түркмөн компаниялары бир нече мамлекеттеги өнөктөштөрүнө карыз экенин тастыктады.

"Кытайда экспорттук келишимдери биздин 95-99% кепилдендирген компания бар. Биз мурун “Түркмөнгаз” боюнча иштешкенбиз. Аларга кайрылганыбызда "Түркмөнгаз" менен "Түркмөнмунайдын" кредиттик рейтингдери нөл экенин айтышты. "Түркмөнмунайга" карата үч иш ачылган, алар кытайларга карыз. Демек, Түркмөнстандын эки мамлекеттик компаниясы кара тизмеде", - деди CIS Debt Recovery Solutions кеңешчи.

Компания апрелде кытайлык кардарларына "Түркмөнгаздан" 2.5 миллион доллар өлчөмүндөгү карызды өндүрүп берген. Мындан соң аларга Франция, Кытая, Орусия, Катардагы компаниялар дагы жардам сурап кайрыла башташкан.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Centerra Gold Inc:

Centerra Gold Inc: "Кумтөрдө" иш токтогон жок

Канадалык Centerra Gold Inc компаниясы Торонтодогу баалуу кагаздар биржасында акцияларды сатуу толугу менен...

ЭКОНОМИКА 2016-05-04  17:22

Европа борбордук банкы 500 евролук банкнотту чыгарбай турган болду

Европа борбордук банкы 500 евролук банкнотту чыгарбай турган болду

Европа борбордук банкы 2018-жылдын аягына чейин 500 евролук банкнотту чыгарууну токтото тургандыгын...

ЭКОНОМИКА 2016-05-05  08:32

Казакстан Кыргызстандын картошкасын киргизүүгө убактылуу тыюу салды

Казакстан Кыргызстандын картошкасын киргизүүгө убактылуу тыюу салды

Казакстан картошка илдетине байланыштуу аны Кыргызстандан алып кирүүгө убактылуу тыюу салды. Бул...

ЭКОНОМИКА 2016-05-05  08:36

Азербайжанда 90 миң долларлык каражатка ажаткана ачылды

Азербайжанда 90 миң долларлык каражатка ажаткана ачылды

Бейлаганда мектеп ажатканасынын салтанаттуу ачылыш аземи өттү.

Бейлагандагы №1 жана №4...

ЭКОНОМИКА 2016-05-05  17:01

АКШ офшордук компанияларды көзөмөлдөөнү күчөтөт

АКШ офшордук компанияларды көзөмөлдөөнү күчөтөт

Кошмо штаттар офшордогу банктык эсептерди мыйзамсыз колдонууга каршы бир катар чараларды аныктады....

ЭКОНОМИКА 2016-05-06  17:36

Өзбекстан:

Өзбекстан: "Кудайдын үйүндө" 27 миң доллар жоголуп кетти

Анжияндагы мечит кызматкерлери садака жана диний басылмаларга жазылуудан чогулган 173 миллион сумду (27...

ЭКОНОМИКА 2016-05-11  04:25

Казакстанда экспорт менен импорттун көлөмү кыскарууда

Казакстанда экспорт менен импорттун көлөмү кыскарууда

Казакстандын Улуттук банкы экспорт ушул жылдын биринчи чейрегинде 8,4 миллиард долларды түзгөндүгүн...

ЭКОНОМИКА 2016-05-11  17:38