KELECHEK
rek

Ирактын премьери өлкө «ИМ» тобунан толук бошотулганын жарыялады

Ирактын премьери өлкө «ИМ» тобунан толук бошотулганын жарыялады

9-декабрда Ирактын премьер-министри Хайдер аль-Абади өлкө «Ислам мамлекети» террордук тобунан толук бошотулганын жарыялады.

Багдадда сөз сүйлөгөн аль-Абади Ирактын Сирия менен болгон чек арасынын бардык тилкеси, анын ичинде чөлдүү райондору дагы ирак армиясынын көзөмөлүнө өткөнүн билдирди.

Мурдараак Ирактын бардык ири калктуу конуштары «ИМдин» жоочуларынан бошотулганы кабарланган.

2014-жылы «ИМ» тобу Ирактын аймагынын үчтөн бир бөлүгүн, анын ичинде кийин «халифаттын» борбору деп аталган Мосул шаарын дагы басып алган. Ирак армиясы күрт жана шийит кошуундарынын, ошондой эле АКШ башында турган эл аралык коалициянын колдоосу менен жоочуларга каршы күрөш жүргүзүп, акырындык менен кайрадан аймактарды өз көзөмөлүнө ала баштаган. Мосул быйыл жыл башында бошотулган.

Бир нече күн мурда Орусиянын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы коңшу Сирияда орусиялык аскерлер "Ислам мамлекети" тобун жеңүү миссиясын жыйынтыктаганын жарыялаган. Бирок эл аралык коалициядан жихадчылар дале Сириянын бир катар аймактарын өз көзөмөлүндө кармап турганын билдиришүүдө.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...

Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...

Мындай кат менен 13-июлда Британиянын жаңы премьер-министри Тереза Мэйге...

ДҮЙНӨ 2016-07-15  18:14

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...

VimpelCom акционерлери компаниянын аброюна шек келтирди деген айып менен норвегиялык Telenor Group түзүмүнүн...

ДҮЙНӨ 2016-05-02  23:03

Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат

Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат

БУУнун Сирия боюнча өкүлү бүгүн Сириядагы тынчтык жараяны менен убактылуу жарашуу режимин калыбына...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  15:45

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо

АКШ коргоо министринин айтымында, бул күчтөр “орусиялык агрессияга” бөгөт коюу максатында...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  16:06

Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады

Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады

Республикачы, миллиардер Дональд Трамп Индиана штатында жеңишке жетишти. Бул АКШ президенттигине ат...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  16:46

АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду

АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду

Иракта америкалык авиасоккудан улам “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун алдынкы...

ДҮЙНӨ 2016-05-05  16:52