Отставкадагы полковник Квачков террорчулукка чакырык жасаган деп айыпталууда
Буга чейин “куралдуу козголоң даярдагандыгы жана террорчулук” үчүн соттолгон Башкы чалгындоо башкармалыгынын отставкадагы полковниги Владимир Квачковго жаңы айып тагылды.
Анын жактоочусу Оксана Михалкина маалымдагандай, бул ирет аны террордук ишмердүүлүккө ачык-айкын чакырык жасаган деп айыпташууда. Тийиштүү кылмыш иши ушул жылдын мартында козголгон.
2013-жылы Квачков жаза мөөнөтүн катаал режимдеги колонияда өтөө менен 13 жылга кесилген. Кийинчерээк Орусиянын Жогорку соту бул мөөнөттү 8 жылга чейин кыскарткан. Былтыр Москва шаардык соту ал жетектеген “Минин менен Пожарскийдин элдик кошууну” аттуу уюмду экстремисттик деп тапты.
Квачков Анатолий Чубайсты өлтүрүүгө аракет кылууга байланышкан иш боюнча да айыптуу деп каралып, бирок эки ирет акталып чыккан.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Ирактагы жардыруулардан 30дан ашуун өмүр кыйылды
Жекшембиде Ирактын түндүгүндөгү Самава шаарында кош жардыруудан 32 адам мерт болуп, 70тен ашуун киши...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-02 11:13
Тажикстан: телефон аркылуу акча өөнөгөн кыз 13 жылга кесилиши мүмкүн
Хатлон облусунун Пянж районунун укук коргоо органдары 25 жаштагы Икболмох Лутфуллозодага каршы...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-02 23:58
Орусияда массалык адам өлтүрүүгө шектелгендер камалды
Самара облусундагы Сызрань райондук соту ИИМ аймактык башкы башкармалыгынын штаб башчысынын орун...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-04 16:12
Министр К.Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги...
КР Өзгөчө кырдаал министри Кубатбек Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги 76 турак...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-04 20:01
“Домодедово” аэропортунда Тажикстандын жараны камакка алынды
Орусиянын ИИМи орусиялык тартип сакчысынын үй-бүлөсүн өлтүргөн деп шектелген адам Дүйшөмбү-Москва...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-05 08:38
Ондогон адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды
Өзбекстанда онго жакын адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды. Алардын арасында...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-05 10:05
Орусия Өзбекстанга 7 миңдей камалган адамды өткөрүп берет
Орусиянын премьер-министри Дмитрий Медведев камактагыларды алмашуу туурасында келишимге кол...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-05 16:56