KELECHEK
rek

Кыргызстан ДСУга жазган арызын чакыртып алат

Кыргызстан ДСУга жазган арызын чакыртып алат

Кыргызстан Казакстанга карата Дүйнөлүк соода уюмуна жазган арызын чакыртып алышы мүмкүн.

Бул тууралуу вице-премьер-министр Толкунбек Абдыгулов билдирди. Анын айтымында, эки өлкө ортосундагы чек арадагы жаралган кырдаал боюнча “Жол картасына” кол коюлган соң эл аралык уюмдун кароосуна зарылчылык калган жок.

“Биз буга чейин берген кайрылуубузду токтотуп, чакыртып алышыбыз мүмкүн. Себеби, “Жол картасын” ишке ашыруу боюнча келишимге жетиштик. Бирок эл аралык укукта каралган бардык мүмкүнчүлүктөрүбүздү колдоно аларыбызды далилдедик”, - деди Абдыгулов.

10-октябрда кыргыз-казак чек арасында көзөмөл күчөтүлгөн соң кыргыз өкмөтү Дүйнөлүк Соода уюмуна арыз менен кайрылган. Анда Казакстан эл аралык уюмдун эркин соода жүгүртүү эрежесин бир тараптуу бузуп жатканы айтылган.

Арыз 10-ноябрда Дүйнөлүк соода уюмунун Товар соодасы боюнча кеңешинин Женевада өткөн жыйынында каралган.

2-декабрда Астана шаарында Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы “Жол картасына” кол коюлган. “Жол картасы” эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин комплекстүү чечүү үчүн 50 иш-чарадан турат. Анын ичинде чек ара, транспорт, фитосанитардык жана ветеринардык көзөмөл, бажы жана салык тармактарындагы биргелешип иш алып баруу каралган.

Мындан соң кыргыз-казак чек арасында кезек күткөндөр азайган.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Centerra Gold Inc:

Centerra Gold Inc: "Кумтөрдө" иш токтогон жок

Канадалык Centerra Gold Inc компаниясы Торонтодогу баалуу кагаздар биржасында акцияларды сатуу толугу менен...

ЭКОНОМИКА 2016-05-04  17:22

Европа борбордук банкы 500 евролук банкнотту чыгарбай турган болду

Европа борбордук банкы 500 евролук банкнотту чыгарбай турган болду

Европа борбордук банкы 2018-жылдын аягына чейин 500 евролук банкнотту чыгарууну токтото тургандыгын...

ЭКОНОМИКА 2016-05-05  08:32

Казакстан Кыргызстандын картошкасын киргизүүгө убактылуу тыюу салды

Казакстан Кыргызстандын картошкасын киргизүүгө убактылуу тыюу салды

Казакстан картошка илдетине байланыштуу аны Кыргызстандан алып кирүүгө убактылуу тыюу салды. Бул...

ЭКОНОМИКА 2016-05-05  08:36

Азербайжанда 90 миң долларлык каражатка ажаткана ачылды

Азербайжанда 90 миң долларлык каражатка ажаткана ачылды

Бейлаганда мектеп ажатканасынын салтанаттуу ачылыш аземи өттү.

Бейлагандагы №1 жана №4...

ЭКОНОМИКА 2016-05-05  17:01

АКШ офшордук компанияларды көзөмөлдөөнү күчөтөт

АКШ офшордук компанияларды көзөмөлдөөнү күчөтөт

Кошмо штаттар офшордогу банктык эсептерди мыйзамсыз колдонууга каршы бир катар чараларды аныктады....

ЭКОНОМИКА 2016-05-06  17:36

Өзбекстан:

Өзбекстан: "Кудайдын үйүндө" 27 миң доллар жоголуп кетти

Анжияндагы мечит кызматкерлери садака жана диний басылмаларга жазылуудан чогулган 173 миллион сумду (27...

ЭКОНОМИКА 2016-05-11  04:25

Казакстанда экспорт менен импорттун көлөмү кыскарууда

Казакстанда экспорт менен импорттун көлөмү кыскарууда

Казакстандын Улуттук банкы экспорт ушул жылдын биринчи чейрегинде 8,4 миллиард долларды түзгөндүгүн...

ЭКОНОМИКА 2016-05-11  17:38