KELECHEK
rek

Баласын урган адам кызматтан бошотулат

Баласын урган адам кызматтан бошотулат

Социалдык тармактарда 2-декабрда тайып жерден тура албай жаткан баланы ичке тепкен адамдын видеосу тараган.

Бишкекте эки жашар баласын тепкен Бариер Адиев Мамлекеттик каттоо кызматындагы жумушунан бошотулат. Бул тууралуу аталган кызматтан “Азаттыкка” кабарлашты. Маалыматка ылайык, Адиев Сокулук райондук мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчи орун басары болуп иштеп келген.

Мамкаттоонун жетекчиси Дастан Догоев интернетте тасма тарап, милиция кылмыш ишин козгогон соң кызматкерге катуу чара көрүү - керек болсо токтоосуз түрдө иштен бошотуу тапшырмасын берген. Мекеме Бариер Адиев "моралдык себептерден" улам Мамкаттоодо иштей албай турганын кошумчалады.

Социалдык тармактарда 2-декабрда тайып жерден тура албай жаткан баланы ичке тепкен адамдын видеосу тараган. Кийин ал киши баланын атасы экени белгилүү болгон эле. Бул тасма кызуу талкуу жаратып, аталган адамды жоопко тартуу талабы айтылган. Эки жарым жаштагы уулун аябаган атага карата "бейбаштык" беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, камакка алынды.

Учурда тепки жеген наристе медициналык кароодон өтүп жатканы кабарланды.

"Азаттык" үналгысы.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...

УКУК 2016-07-05  23:25

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...

УКУК 2016-07-05  23:39

УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес

УКУК 2016-09-21  10:11

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...

УКУК 2016-05-02  11:39

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...

УКУК 2016-05-02  22:10

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы  эсебинен 17,5 миң  долларын 4 айдан...

УКУК 2016-05-02  22:38

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...

УКУК 2016-05-02  22:53