Тажикстанда милиция имаратындагы жарылуудан тергөөчү мерт кетти
Тажикстандын Курган-Төбө шаарында милиция имаратындагы жарылуунун кесепетинен тергөөчү мерт кетип, ички иштер органдарынын дагы бир кызматкери жаракат алды. Жарылуу 1-декабрда болгонун ИИМдин Хатлон облусунун башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматтарга караганда, каза тапкан тергөөчүнүн ысымы – Мухиддин Зохидзода. Жаракат алган кызматкер учурда ооруканада дарыланууда.
Жарылуунун кесепетинен шаардык милициянын чатыры талкаланган.
Тажикстан ИИМинин маалымат кызматы окуяны иликтөө үчүн атайын комиссия түзүлгөнүн маалымдады.
Бул арада “Азаттыктын” тажик кызматынын өз булагы билдиргендей, окуя капитан Зохидзода ИИМ кызматкерлери тарабынан чогултулган жардыруучу заттарды каттоого алып жаткан маалда орун алган.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Таш-Көмүр шаарында уурулук жасап эч жерде иштебеген Аксынын жараны...
Таш-Көмүр шаардык милиция кызматкерлери тарабынан кылмыштарды жасаган Аксы районунун 24 жаштагы...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-09-21 09:26
Ирактагы жардыруулардан 30дан ашуун өмүр кыйылды
Жекшембиде Ирактын түндүгүндөгү Самава шаарында кош жардыруудан 32 адам мерт болуп, 70тен ашуун киши...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-02 11:13
Тажикстан: телефон аркылуу акча өөнөгөн кыз 13 жылга кесилиши мүмкүн
Хатлон облусунун Пянж районунун укук коргоо органдары 25 жаштагы Икболмох Лутфуллозодага каршы...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-02 23:58
Орусияда массалык адам өлтүрүүгө шектелгендер камалды
Самара облусундагы Сызрань райондук соту ИИМ аймактык башкы башкармалыгынын штаб башчысынын орун...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-04 16:12
Министр К.Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги...
КР Өзгөчө кырдаал министри Кубатбек Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги 76 турак...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-04 20:01
“Домодедово” аэропортунда Тажикстандын жараны камакка алынды
Орусиянын ИИМи орусиялык тартип сакчысынын үй-бүлөсүн өлтүргөн деп шектелген адам Дүйшөмбү-Москва...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-05 08:38
Ондогон адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды
Өзбекстанда онго жакын адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды. Алардын арасында...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-05 10:05