KELECHEK
rek

Киевде Порошенкого импичмент жарыялоону талап кылган жүрүш өттү (ФОТО)

Киевде Порошенкого импичмент жарыялоону талап кылган жүрүш өттү (ФОТО)

Грузиянын мурдагы президенти, "Жаңы күчтөр руху" кыймылынын лидери Михаил Саакашвили өз тарапкерлерин Украинанын баш калаасы Киевдин борборуна алып чыкты.

Акция "Элдик импичмент" деп аталды. Катышуучулар "Импичмент!" деп кыйкырышып, Майдандын чакырыктары болгон "Банда жоголсун!", "Киев, ойгон!" деген ураандарды чакырып турушту. Ар кандай эсептер боюнча акцияга үч миңден, беш миңге чейин адам катышты. Алар Тарас Шевченко атындагы парктан Европа аянтына чейин басышты.

Полиция жана Улуттук гвардия жоокерлери курчаган президенттик администрациянын жанында акцияга чыккандар "Уят" деп кыйкырышып, президент Петро Порошенконун аткарылбай калган убадалары жазылган плакаттарды жерге таштап, тебелешти.

Муну менен алар Украинада революция болгон төрт жылга жакын убакыттан бери эч нерсе өзгөрбөгөнүн билдиришти.

Эки айдан бери парламент имаратынын жанындагы чатыр лагеринде отурган активисттер буга чейин депутаттык кол тийбестикти жоюу, антикоррупциялык сот түзүп, жаңы шайлоо системасын бекитүүнү талап кылып келген. Ноябрда дагы бир "Украина президентине импичмент жарыялоо" талабы кошулган.

Булардын бири да аткарылбаганына байланыштуу Саакашвили менен анын тарапкерлери 3-декабрда Киевдин борборунда жүрүшкө чыгарын жарыялашкан.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...

Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...

Мындай кат менен 13-июлда Британиянын жаңы премьер-министри Тереза Мэйге...

ДҮЙНӨ 2016-07-15  18:14

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...

VimpelCom акционерлери компаниянын аброюна шек келтирди деген айып менен норвегиялык Telenor Group түзүмүнүн...

ДҮЙНӨ 2016-05-02  23:03

Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат

Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат

БУУнун Сирия боюнча өкүлү бүгүн Сириядагы тынчтык жараяны менен убактылуу жарашуу режимин калыбына...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  15:45

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо

АКШ коргоо министринин айтымында, бул күчтөр “орусиялык агрессияга” бөгөт коюу максатында...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  16:06

Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады

Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады

Республикачы, миллиардер Дональд Трамп Индиана штатында жеңишке жетишти. Бул АКШ президенттигине ат...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  16:46

АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду

АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду

Иракта америкалык авиасоккудан улам “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун алдынкы...

ДҮЙНӨ 2016-05-05  16:52