KELECHEK
rek

Сузак районунун Мундуз айылында милициянын аймактык бөлүмчөсү ачылды

Сузак районунун Мундуз айылында милициянын аймактык бөлүмчөсү ачылды

Сузак районунун борборунан 11 чакырым алыстыкта жайгашып, 80067 калкы бар, Кызыл-Туу, Кыз-Көл, Таш-Булак жана Сузак айыл өкмөттөрүнөн сырткары 48 айылды, 36 орто мектепти, 8 бала бакчадагы  жаш өспүрүмдөрдүн коопсуздугун камсыздоо максатында Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн Мундуз айылында  милициянын аймактык бөлүмчөсү ачылды.

Саамалыкка Жалал-Абад ОИИБнын башчысы милициянын полковниги А. Мамасейитов, Сузак районунун акими жана айыл өкмөттөрүнүн башчылары, демөөрчүлөр, ИИМдин ардагерлери жана айыл аксакалдары катышты.

Аймактык милиция бөлүмчөсүн курууда ОИИБнын демилгеси менен жеринде марафон өткөрүлүп, жергиликтүү бийликтин колдоосу жана демөөрчүлөрдүн жардамы менен жалпы 3 миллион сомго жакын акча каражаты жумшалган.

Аймактык милиция бөлүмүнүн ачылуусунда ОИИБнын башчысы А.Мамасейитов: Милиция кызматкерлери эл менен жана жергиликтүү бийлик органдары менен байланышты чыңдап, биргеликте иш алып баруусу элеттеги бейпил турмушту камсыз кылышына өбөлгө түзөт деп өз ишеничин айтып өттү.Ошону менен бирге быйылкы жылы облус аймагында ички иштер органдарында курулуп жаткан курулуштарды да эске салды. Алсак,буга чейин ноябрь айынын башында Аксы районунун Ак-Суу айылында  милициянын аймактык  бөлүмчөсү ачылды. Мындан сырткары Атабеков, Токтогул аймактарында да курулуштар бүтөр алдында турат.

Курулушка салым кошкон жарандык коомдун өкүлдөрүнө ИИМдин “Милициянын 90 жылдык” төш белгиси жана ОИИБнын ардак грамоталары менен сыйланышты.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...

УКУК 2016-07-05  23:25

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...

УКУК 2016-07-05  23:39

УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес

УКУК 2016-09-21  10:11

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...

УКУК 2016-05-02  11:39

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...

УКУК 2016-05-02  22:10

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы  эсебинен 17,5 миң  долларын 4 айдан...

УКУК 2016-05-02  22:38

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...

УКУК 2016-05-02  22:53