KELECHEK
rek

Президент С. Жээнбеков КВН Эл аралык союзунун президенти А. Масляковго «Достук» орденин тапшырды (ФОТО)

Президент С. Жээнбеков КВН Эл аралык союзунун президенти А. Масляковго «Достук» орденин тапшырды (ФОТО)

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кечээ, 29-ноябрда Россия Федерациясына жасаган иш сапарынын алкагында КВН Эл аралык союзунун президенти Александр Масляков менен жолугушуп,ага “Достук” орденин тапшырды. Бул тууралуу КР Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Маалыматка  караганда, мамлекет башчысы Александр Масляковго жогорку сыйлык – “Достук” орденин тапшыруу боюнча жагымдуу мүмкүнчүлүк пайда болгонун белгиледи.

«Алмазбек Атамбаев өлкөлөрүбүздүн ортосундагы достукту бекемдөөгө кошкон салымыңызды жогору баалап, Сизди “Достук” ордени менен сыйлады. КВН – жалпы элдик оюн жана Кыргызстанда дагы өнүгүп жатат, биз ага өзгөчө көңүл бурабыз. Оюндар мектептерде жана университеттерде өткөрүлүп турат. Биз дайым КВНди көрүп, командабызды колдоп турабыз», - деп айтты Сооронбай Жээнбеков жана элдердин ортосундагы достукту бекемдөөгө, таланттуу жаштарды колдоого кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирди.

Мамлекет башчысы КВНдин жайкы кубогун Кыргызстанда, Ысык-Көлдүн жээгинде өткөрүү сунушун билдирип, Александр Масляковду Кыргызстанга чакырды. Ал ошондой эле Александр Масляковду өтүп кеткен туулган күнү менен куттуктады.  

Александр Масляков ыраазычылык билдирип, бул сыйлык КМШ өлкөлөрүнүн башка жаштары менен биргеликте КВН оюнуна өзүн арнаган Кыргызстандын жаштары үчүн дагы берилгенин белгиледи.

«Сыйлык үчүн чоң рахмат. Мен Сиздердин өлкөдө болгом жана Кыргызстанда талантуу жаштар абдан көп экенин билем. Биз өз кезегибизде аларды колдоп, жардам берүүгө даярбыз», - деп айтты

Александр Масляков жана Президент Сооронбай Жээнбековго анын жогорку мамлекеттик кызматында Кыргызстандын бакубатчылыгы үчүн ийгиликтерди каалады. Ал ошондой эле Кыргызстан Президентине КВН ойногондорду гана эмес, жаштарды  дагы колдоого алуу  тилегин айтты.

Эскерте кетсек, Алмазбек Атамбаев 2017-жылдын 21-ноябрында кол койгон Жарлыкка ылайык, КВН Эл аралык союзунун президенти, КВН телеберүүсүнүн жетекчиси жана алып баруучусу Александр Масляков Кыргызстан менен  Россиянын элдеринин ортосундагы достукту чыңдоого кошкон чоң салымы, көп жылдык жана үзүрлүү чыгармачыл  ишмердиги үчүн Кыргыз Республикасынын «Достук» ордени менен сыйланган.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...

КООМ 2016-04-27  10:01

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Кыргызстанда ажылыкка аттангандар эмдөөдөн...

КООМ 2016-07-15  18:08

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...

КООМ 2016-05-02  23:28

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Үстүбүздөгү жылдын  30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...

КООМ 2016-05-03  00:53

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...

КООМ 2016-05-03  01:52

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...

КООМ 2016-05-04  16:00

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...

КООМ 2016-05-04  16:13