KELECHEK
rek

Президент Сооронбай Жээнбеков Россиянын Президенти Владимир Путин менен жолугушту

Президент Сооронбай Жээнбеков Россиянын Президенти Владимир Путин менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кечээ, 29-ноябрда, Россия Федерациясына жасаган иш сапарынын алкагында Россиянын Президенти Владимир Путин менен жолугушту. Бул тууралуу КР Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Маалыматка  караганда, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Евразиялык мейкиндиктеги интеграциялык бирикмелердин алкагында эки тараптуу кызматташууну, өз ара аракеттенишүүнү мындан ары тереңдетүү маселелерин, ошондой эле биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулашты.
Президент Владимир Путин Президент Сооронбай Жээнбековду Мамлекет башчысы кызматына киришүүсү менен куттуктап, эки өлкөнүн соода-экономикалык мамилелериндеги жакшы динамиканы белгиледи.
“Сиз тажрыйбалуу адамсыз, акыркы кезде өлкөнүн Өкмөтүн жетектегенсиз, Россия менен Кыргызстандын өз ара аракеттенишүүсүнүн бардык саясый пландарын иштеп чыгууга түздөн-түз катышкансыз. Сиздин катышууңуз менен Кыргызстан башкы экономикалык интеграциянын толук кандуу мүчөсү болду. Мындан кийин Кыргызстандын союздун өлкөлөрү менен товар жүгүртүү сезилерлик өскөндүгү байкалууда. Ал эми эки тараптуу кызматташуубузда өткөн жылдагы бир аз төмөндөөдөн быйыл биринчи кварталда эле товар жүгүртүү 32% өскөндүгү байкалат”,- деди Владимир Путин.
Ал ошондой эле Кыргызстан менен Россиянын кызматташуусу экономика тармагында дагы, коопсуздук тармагында дагы, тактап айтканда ЖККУнун алкагында мындан ары дагы улантылаарына ишенимин билдирди.
“Бүгүн сиз менен бирге биз ЖККУ саммитине катышабыз. Мамилелер бардык багыттар боюнча өнүгүп жатат, Мамлекет башчысы катары сиз алгачкы сапарыңызды Россияга жасаганыңыз биз үчүн жагымдуу. Сиз менен эки тараптуу кызматташууну өнүктүрүүнүн мындан аркы келечеги жана эл аралык уюмдардын алкагында кызматташуубуз тууралуу сүйлөшүүгө биздин мүмкүнчүлүгүбүз бар”, деп баса белгиледи Владимир Путин.
Президент Сооронбай Жээнбеков Президент Владимир Путинге Россия Федерациясына иш сапар менен келип кетүүгө чакыргандыгы үчүн ыраазычылык билдирди
“Мен алгачкы чет элдик сапарымды Россия Федерациясына жасап жатканым абдан символикалуу. Башкача болушу мүмкүн эмес эле. Ушул кадамыбыз менен биз өз ара мамилелерди, союздаштыгыбызды жана стратегиялык өнөктөштүгүбүздү мындан ары дагы чыңдап жана бекемдөөгө чечкиндүү экендигибизди ырастайбыз”,- деп белгилеп келип, Президент Сооронбай Жээнбеков кыргыз-россиялык мамилелерди өнүктүрүү маселелерине жеке көңүл бургандыгы үчүн Президент Владимир Путинге ыраазычылык билдирди.
Мамлекет башчысы өз кезегинде эки тараптуу мамилелерди чыңдоого бардык күч аракетин жумшоого даяр экендигин билдирди. 
“Быйыл өлкөлөрүбүздүн ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөнүнө 25 жыл болду. Ушу жылдары Кыргызстан эки революцияны баштан кечирди. Кыргызстан көптөгөн сыноолордон өттү. Ал эми 2010-жылы мамлекеттүүлүгүбүздү жоготуп алуу коркунучу туулган. Көп улуттуу Кыргызстан элинин акылмандыгынын жана сабырдуулугунун аркасында жана Алмазбек Шаршенович башында турган өлкөнүн жетекчилигинин аркасында биз кыйынчылыктарды жеңип, тынчтыкты жана стабилдүүлүктү орнотуп, өнүгүүнүн туруктуу жолуна чыга алдык. Мында Россиянын жана жеке Сиздин дагы салымыңыз бар. Кыргызстан эли Россиянын бул жардамын жана колдоосун абдан жогору баалайт ”,- деди Президент Сооронбай Жээнбеков.
Жолугушуунун акырында Сооронбай Жээнбеков Владимир Путинге Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү чыңдоого жана биримдикти өнүктүрүүгө кошкон зор салымы үчүн экс-президент Алмазбек Атамбаев сыйлаган I даражадагы “Манас” орденин тапшырды.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт

Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт

Укук коргоочулар Жогорку Сот бул ирет Азимжан Аскаровду актайт деген үмүттө болушууда. Юристтер...

CАЯСАТ 2016-04-27  09:55

Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты

Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты

Миллиардер Дональд Трамп шейшемби күнү республикачылар партиясынын беш штатта өткөн алгачкы...

CАЯСАТ 2016-04-27  09:59

Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти

Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти

Өлкөнүн Коргоо кеңеши  КР Президентинин катышуусу менен жабык эшик артында отурум өткөрдү. Анда чек...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:06

Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда

Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда

Одессанын губернатору Михаил Саакашвили 2-майга Украинанын “тышкы жана ички” душмандары...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:33

Назарбаев Казакстанда

Назарбаев Казакстанда "украин сценарийи” болуп кетпесин деп эскертет

1-майда Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев улуттук биримдикке доо кетүү коркунучу бар...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:48

Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты

Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты

Германиянын өтө оңчул саясий партиясы шайлоо алдындагы манифестин кабыл алды. Анда өлкөдө “исламга...

CАЯСАТ 2016-05-02  22:06

"Кумтор Голд Компанинин" эки жетекчиси өлкөдөн чыгып кетти

30-апрелде Кумтөрдүн эки жетекчиси Кыргызстандан чыгып кетишти. Бул тууралуу башкы прокуратура...

CАЯСАТ 2016-05-04  15:12