
Ноокен районунун Масы айылында 340 орундуу балдар бакчасы ишке берилди

Ноокен районунун борбору болгон Масы айыл аймагында 340 орундуу балдар бакчасынын кызыл тасмасы кесилип, салтанаттуу маанайда пайдаланууга берилди. Бул туурасында ыйгарым укуктуу өкүлдүн басма сөз катчысы Жолдошбай Осмонов билдирди.
Анын берген маалыматына караганда, Масы айыл аймагынын маданият үйүндө жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу долбоорунун алкагында 340 орунга эсептелген №4 “Алтын-Бешик” балдар бакчасын презентациялоо иш чарасы болуп өттү. Аталган айылдын жашоочуларын жаңы балдар бакчасынын ачылыш аземи менен Ноокен районунун акими Эркинбек Маматаев, Швейцариянын Кыргызстандагы атайын жана толук ыйгарымдуу элчиси Вероника Хульманн айым куттуктады.
Эки кабаттуу 340 орунга эсептелген №4 “Алтын-Бешик” балдар бакчасын кайрадан толук капиталдык ремонттон чыгарып, ишке киргизүүгө 6 482 718 сом акча жумшалган болсо анын 4 350 000 сому гранттык болуп эсептелет. Масы айыл аймагынын өздүк салымы 2 млн. 137 миң сом болду. Балдар бакчасынын башчысы Сажида Абдукайымова белгилеп кеткендей, азыр 12 тайпада 340 наристелер тарбиячылардын камкордугуна бөлөнгөн. Ушул кезде жалпысынан балдар бакчасында 43 адам туруктуу жумуш орундары менен камсыз болушкан. Балдар бакчасын кайрадан ремонттоп ишке киргизүүгө Швейцария өлкөсүнөн сырткары Өнүктүрүү саясат институту, “Хелветас” эл аралык уюму өздөрүнүн омоктуу салымдарын кошушту.
-- Быйылкы жылы Ноокен району боюнча 6 жаңы балдар бакчасы ишке берилип, 600дөн ашуун наристелер мектеп жашына чейинки тарбиянын кучагына алынды. Жыл аягына чейин дагы айыл аймактарында 2 жаңы балдар бакчасын ачуу максатын алдыбызга койгонбуз. Ноокен району боюнча мектеп жашына чейинки балдардын балдар бакчаларына тартылуусу 37 пайызды түзүп олтурат,- деди Ноокен районунун акими Эркинбек Маматаев.
Масы айылындагы №4 “Алтын-Бешик” балдар бакчасынын кызыл тасмасы кесилген соң кадырлуу коноктор жана жергиликтүү жашоочулар тарбиялануучуларга көрүлгөн камкордуктар жана аларга жаратылган шарттар менен кеңири таанышып чыгышты.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Жоолукчандардын жоругу талкууга жем таштады
2-апрелде облустук казыят Жалал-Абад мамлекеттик университетинин жыйындар залында “Салттуу...
Аймак 2016-04-27 09:56
Ноокен районунун Сакалды айылында милициянын генерал-майору Э....
Бүгүн, 6-май күнү Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Масы айыл өкмөтүндөгү Сакалды айылында жайгашкан...
Аймак 2016-05-06 17:07
Чаткалда мектепке көмөкчү чарба уюштуруу үчүн марафон өттү
Чаткал районунун Каныш-Кыя айылындагы С. Байдөөлөтов орто мектебинде 23-майда аталган мектепке көмөкчү...
Аймак 2016-05-23 20:40
КР Жогорку Сотунун төрайымы А.Токбаева Чаткалда болду
КР Жогорку Сотунун төрайымы Айнаш Токбаева алыскы райондордогу райондук соттордун...
Аймак 2016-05-30 13:59
Таш-Көмүр шаарынын тургуну атасынан калган куралды мыйзамсыз алып...
Таш-Көмүр шаарында “Арсенал” аталышындагы ыкчам иш-аракеттердин негизинде Таш-Көмүр шаарынын...
Аймак 2016-06-13 15:51
Ноокен районунда “Хизбут-Тахрир” диний экстремисттик уюмунун...
Жалал-Абад ОИИБгы, УКМК жана облустук казыят менен биргеликте, 11-июнь күнү Жалал-Абад облусунун...
Аймак 2016-06-13 16:09
Июнь окуясында курман болгон маркум милициянын майору...
"Тарых жана маданият" жылына карата Базар-Коргон РИИБмү тарабынан "Мекеним менин Кыргызстан"...
Аймак 2016-06-14 14:41