Дайжест: Борбор Азия турукташтыбы?
Египеттеги чабуул жана анын эртеси, Сирия менен Түндүк Кореянын жакындашуусу, Борбор Азиядагы саясий кырдаал - бул аптада дүйнөлүк басылмаларда орун алган негизги темалар болду.
Чабуулдан кийинки Синай
Египетте суфизм агымындагылар Синай жарым аралындагы 305 кишинин өмүрүн алган мечиттеги кол салууга карабастан Мухаммед Пайгамбардын туулган күнүнө карата салтанаттарды улантып жатышат. Бул тууралуу The Guardian басылмасы жазды. Өлкөнүн Суфий ордендери боюнча Жогорку кеңешинин башчысы Абдель Хады ал-Касабы басылмага берген маегинде салтанаттар мечиттердин ичинде өтөрүн билдирген.
Азырынча суфий мечитине кол салуу үчүн эч ким жоопкерчилик ала элек. Ассошиэйтед Пресс агенттиги жарым аралдын айрым райондорунда 2014-жылы «Ислам мамлекети» террордук уюмуна кошулганын жарыялаган Велаяти ал-Синай тобунун кара түстөгү баннерлери пайда болгонун жазды.
Аталган топтун өкүлдөрү кыштак аксакалдарынан коопсуздук күчтөр менен кызматташууну токтотууну талап кылышууда. Алар ошондой эле жашоочулардын Пайгамбарлардын туулган күнүнө карата суфий жөрөлгөлөрүн өткөрүүгө тыюу салышууда. Исламда расмий түрдө эзотериялык деп таанылган диний агымдын мечитине кол салуу — Египеттин Ооганстанга айланып баратканын көрсөтүүдө, деп жазды Израилдин Haaretz гезити.
Сирия менен Түндүк Кореянын жакындашуусу
АКШ тарабынан терроризмдин демөөрчүлөрү деп эсептелген Сирия менен Түндүк Корея өз ара кызматташууну кеңейтүүгө даярданып жатышат. Newsweek басылмасы бул Вашингтон менен анын союздаштарына каршылык көрсөтүү боюнча эл аралык күч дүйнөдө кыйла таасирдүү болуп бараткан учурга туш келгенин жазды.
Гезит Түндүк Кореянын Дамасктагы элчиси Цзан Мюн Хо менен Сириянын социалдык маселелер жана эмгек министри Рима Ал-Кадеринин жолугушуусу тууралуу кабарлады. Сириянын аткаминери Дамаск Пхеньяндын Сирия өкмөтүн колдоп жатканын жогору баалай турганын жана согуштан кийинки калыбына келтирүү иштеринде корей тараптын тажрыйбасы менен эксперттик пикирине үмүт артып жатканын билдирди.
Басылма Хафез Асаддын аскердик төңкөрүшүнөн кийинки Израиль менен согушта Сирия менен Египетке жардам берүү үчүн Түндүк Корея өз аскерлерин жөнөткөнүн жазды. 2000-жылы Башар Асад бийликке келгенде анын өзөктүк реактор куруусуна Түндүк Корея жардамдашкан деген маалыматтар бар. Анысы 2007-жылы Израилдин аба соккусу менен жок кылынган.
Борбор Азия турукташтыбы?
Бул собоолго жооп издеген Stratfor аналитикалык борбору аймактагы эң туруксуз өлкө болуп эсептелген Кыргызстанда бийликти тынч жол менен өткөрүү болгонун жазды. Бирок экономиканын алсыздыгы, Тажикстан жана Өзбекстан менен чек ара, ресурстук чыры, жихадчылардын опузасы, өлкөдөгү таасир үчүн Орусия менен Кытайдын атаандаштыгынын артуусу сыяктуу факторлор коркунуч боюнча кала берүүдө.
Өзбекстанда президент Мирзиёевдин реформа боюнча тез жана интенсивдүү аракеттери бийликтин экиге бөлүнүшүнө алып келди. Натыйжада Мирзиёевдин толугу менен бекемделе элек күчү калктын ылдам көбөйүшү жана радикалдуу маанайдын өсүшү менен саясий туруксуздукка алып келиши мүмүкүн.
Назарбаевдин ордун алмаштыра турган көрүнүктүү фаворит болбосо Казакстан келечекте бийликти өткөрүп берүүдө толкундоолорго кабылуусу ыктымал. Бийлик тынч жол менен өткөн күнү дагы Казакстандын энергетикалык экономикасы мурдагыдай эле баалардын туруксуздугунан жапа чегүүдө, ал эми жихадчылар олуттуу көйгөй болууда.
Түркмөн президенти Бердымухаммедовго каршы чыккан көрүнүктүү атаандаштар жок болгонуна карабай, мунай менен газ наркынын төмөндөшүнөн улам өлкөдө экономикалык абалдын начарлашы дагы аны бейпайга салууда.
Тажикстан президенти Эмомали Рахмон так маселесинде кандайдыр бир көйгөйгө кабылбаганы менен анын тамыр алган башкаруусу келечекте маселе жаратышы ыктымал. Аймактагы туруксуздуктун жалпы факторлору катары социалдык-экономикалык кысым жана Орусия менен Кытай сыяктуу аймактагы башкы оюнчулардын атаандаштыгынын күч алуусу аталууда.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
АКШ Coursera платформасына Крымга кайтууга уруксат берди
АКШ өкмөтү санкцияларга карабастан...
БАСМА СӨЗГӨ БАЯНДАМА 2016-07-05 23:23
Германия "G7 плюс Орусия" форматы аягына чыккандыгын билдирди
Расмий Берлиндин пикиринде, азырынча Орусиянын алдыңкы индустриялуу өлкөлөрдүн чөйрөсүнө...
БАСМА СӨЗГӨ БАЯНДАМА 2016-05-02 11:18
Генерал Бридлав Орусияга көбүрөөк көңүл бурууга чакырды
Ал америкалык "Уолл-стрит жорнал" гезитине берген маегинде Орусия туудурган коркунучтарга...
БАСМА СӨЗГӨ БАЯНДАМА 2016-05-02 11:25
Европада качкындарды кабыл алуудан баш тарткан өлкөлөргө санкция...
Financial Times гезити кабарлагандай, Еврокомиссия ЕБга кирген кайсы бир өлкө качкындарды кабыл алуудан...
БАСМА СӨЗГӨ БАЯНДАМА 2016-05-04 21:37
Обама: атайын операциялар-терроризмге каршы күрөштө башкы курал
Атайын бөлүктөрдүн чалгындоо маалыматтарын камтыган операциялары америкалык президенттер үчүн...
БАСМА СӨЗГӨ БАЯНДАМА 2016-05-04 15:23
Өзбекстанда Казакстандагы митингдерди чагылдырууга тыюу салынды
Asiaterra интернет-басылмасы билдиргендей, Би-Би-Си орус кызматынын сайтындагы «Редактордун...
БАСМА СӨЗГӨ БАЯНДАМА 2016-05-04 15:47
National Geographic Кыргызстанда фототур уюштурат
National Geographic журналы Кыргызстанда фототур уюштурат. Бул тууралуу аталган журналдын (nat-geo.ru) расмий...
БАСМА СӨЗГӨ БАЯНДАМА 2016-05-04 16:04