Оор атлетика боюнча 2018-жылкы дүйнө биринчилиги Ашхабадда өтөт
Оор атлетика боюнча эл аралык федерациянын аткаруу комитети (IWF) 2018-жылкы дүйнө биринчилигин Түркмөнстандын борбору Ашхабадда өткөрүү чечимин кабыл алды. Бул тууралуу ТАСС маалымат агенттиги уюмдун басма сөз кызматына шилтеме кылып билдирди.
Маалыматка караганда, алгач дүйнө биринчилиги Перунун борбору Лимада өтүшү керек болчу. Бирок ноябрда Перу тарап мелдештерди өткөрүүдөн баш тартып, ал укукту башка өлкөгө өткөрүп берүүгө даяр экенин билдирген. Inside the games порталы билдиргендей, Лиманын бул чечими мелдештер өтүшү керек болгон Сан-Исидро спорттук борборунун даяр эместигине байланыштуу. Анда 2018-жылдын декабрына чейин ири спорттук иш-чараларды өткөрүү мүмкүн эместиги кабарланган.
Быйыл сентябрда Түркмөнстан Уруш искусстволору боюнча жабык имараттардагы V Азия оюндарын өткөргөн. Түрдүү маалыматтар боюнча, өлкө спорттук имараттарды жана инфраструктура куруу үчүн 10-15 миллиард доллар короткон. Олимпиадалык шаарчадагы ондогон объектилердин экөөсү — үстү жабылган бассейн менен аттын чоң башы —дүйнөдөгү эң ири спорттук курулуштар катары Гиннесстин рекорддор китебине кирген.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Жалал-Абад шаарында чемпиондорду салтанаттуу тосуп алышты
Жалал-Абад шаарынын “Курманбек баатыр” дарбазасында Жалал-Абад шаарынан барып, дүйнө чемпиону...
СПОРТ 2016-09-21 08:45
Жалал-Абадда «Дени сак жаштар – дени сак өлкө» аталышындагы ...
Кечээ, 20-сентябрда Жалал-Абад шаарында Жалал-Абад шаардык жаштар иштери боюнча комитетинин демилгеси...
СПОРТ 2016-09-21 08:52
Жалал-Абаддан барган балбан Тажикстанда өткөн мелдеште биринчиликти...
Үстүбзүздөгү жылдын 29-апрелинен 1-майга чейин Таджикстан Республикасынын Худжент шаарында спорттун самбо...
СПОРТ 2016-05-02 23:16
"Түнкү бөрүлөр” Европага кирип барышты
“Жеңиш жолу – Берлинге” аттуу мотожүрүшкө катышкан кремлчил “Түнкү бөрүлөр” клубунун...
СПОРТ 2016-05-04 16:08
Казак спортчуларынын канынан допинг табылды
Жыл башынан бери 18 казак спортчусунун канында допинг бар экендиги аныкталган. Алардын айрымдары...
СПОРТ 2016-05-05 10:08
Жалал-Абадда футзал боюнча республикалык кубок өтүп жатат
Жалал-Абад шаарындагы “Динамо” спорт ордосунда Кыргызстандын футзал боюнча Өлкө...
СПОРТ 2016-05-05 11:51
Жалал-Абад Динамо командасы футзал боюнча мелдеште “Өлкөнүн...
Футзал боюнча Кыргызстандын Супер лиганын жеңүүчүсү болгон SRT Ош командасын Жалал-Абад...
СПОРТ 2016-05-07 18:20