Сокулуктун тергөө абагынан төрт киши качып кетти
Бул тууралуу “Азаттыкка” ИИМдин басма сөз кызматынын өкүлү Эрнис Осмонбаев билдирди. Абактагылар кечээ таңкы саат алтыларда Сокулук ИИБнин тергөө абагында камалып турган жерден качып чыгышкан. Учурда Бишкек жана Чүй милициясы “Сирена” планын жарыялап, издөөгө киришти.
Маалым болгондой, качып кеткен адамдарга Кылмыш кодексинин оор беренелери деп эсептелген “Каракчылык” жана “Киши өлтүрүү” боюнча айып тагылып жаткан.
- Качып кеткен кишилер тергөө абагында кармалып, соту жүрүп жаткан. Учурда алардын кандайча качып кеткени боюнча иликтөө иштери башталды. Аны менен катар Бишкекте жана Чүйдө издөө иштери жүрүп, атайын план түзүлдү, - дейт Осмонбаев.
Ал ишке юридикалык баа бериш үчүн материалдар прокуратурага өткөрүп берилгенин кошумчалады. Ал эми облустардагы стационардык посттор күчөтүлгөн тартипте иштөөгө өттү.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Таш-Көмүр шаарында уурулук жасап эч жерде иштебеген Аксынын жараны...
Таш-Көмүр шаардык милиция кызматкерлери тарабынан кылмыштарды жасаган Аксы районунун 24 жаштагы...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-09-21 09:26
Ирактагы жардыруулардан 30дан ашуун өмүр кыйылды
Жекшембиде Ирактын түндүгүндөгү Самава шаарында кош жардыруудан 32 адам мерт болуп, 70тен ашуун киши...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-02 11:13
Тажикстан: телефон аркылуу акча өөнөгөн кыз 13 жылга кесилиши мүмкүн
Хатлон облусунун Пянж районунун укук коргоо органдары 25 жаштагы Икболмох Лутфуллозодага каршы...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-02 23:58
Орусияда массалык адам өлтүрүүгө шектелгендер камалды
Самара облусундагы Сызрань райондук соту ИИМ аймактык башкы башкармалыгынын штаб башчысынын орун...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-04 16:12
Министр К.Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги...
КР Өзгөчө кырдаал министри Кубатбек Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги 76 турак...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-04 20:01
“Домодедово” аэропортунда Тажикстандын жараны камакка алынды
Орусиянын ИИМи орусиялык тартип сакчысынын үй-бүлөсүн өлтүргөн деп шектелген адам Дүйшөмбү-Москва...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-05 08:38
Ондогон адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды
Өзбекстанда онго жакын адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды. Алардын арасында...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-05 10:05