Сузакта бала зордуктаган имамга өкүм чыкты
Жалал-Абадда Сузак райондук соту 10 жаштагы баланы зордуктап жүргөн деп айыпталган имамга карата өкүм чыгарып, аны бул кылмышы үчүн 20 жылга эркинен ажыратты. Бул тууралуу облустук соттун басма сөз кызматы “Азаттык” радиосуна кабарлады.
Соттолгон жаран Кылмыш-жаза кодексинин “Жаш балага карата жасалган сексуалдык зомбулук аракеттер” беренесинин негизинде айыптуу деп табылды. Мындан тышкары ал маңзат сактоо, экстремизмге байланыштуу беренелер боюнча 3 жылга соттолду. Ошентип, “Бир нече кылмыш жасагандыгы үчүн жаза белгилөө” талабына ылайык ага жалпысынан 21 жыл чегерилди.
Облустук сотко апелляциялык арыз түшпөгөнүнө байланыштуу жаза мөөнөтү октябрь айынан тартып күчүнө кирди.
Сузактын Ат-Чабар айылында жашаган аял он жаштагы эркек баласын коңшусу зордуктап жүргөнүн айтып, былтыр 18-июнда райондук ички иштер бөлүмүнө арыз менен кайрылган. Анын "Азаттыкка" айтканына караганда, айылдын имамы, бет маңдайлаш жашаган улгайып эле калган коңшусу уулун көптөн бери коркутуп, кордоп жүргөнүн кокусунан билип калган.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды
Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...
УКУК 2016-07-05 23:25
Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды
Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...
УКУК 2016-07-05 23:39
УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес
Атайын кызмат Убактылуу өкмөт...
УКУК 2016-09-21 10:11
Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет
6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...
УКУК 2016-05-02 11:39
Египетте оппозициялык эки журналист камалды
Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...
УКУК 2016-05-02 22:10
Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды
Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы эсебинен 17,5 миң долларын 4 айдан...
УКУК 2016-05-02 22:38
Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул
Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...
УКУК 2016-05-02 22:53









