Салайдин Авазов Жалал-Абад шаарынын мэри болуп кайрадан шайланды (ФОТО)
Бүгүн, 23-ноябрь күнү сегизинчи чакырылыштагы Жалал-Абад шаардык кеңешинин кезексиз 2-сессиясында калаа башчысы тандалды. Шаардык кеңештин курамындагы жана сессияга катышкан 31 депутатынын 30нун добушу менен Авазов Салайдин Абдивалиевич шаар мэри болуп кайра шайланды.
Ошентип, шаардык кеңештеги депутаттык фракцялардын дээрлик бир жылдык талаш-тартыштарына чекит коюлуп, шаардык кеңеш жана шаар мэриясы толук кандуу иш жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн алды.
Эскерте кетсек, жетинчи чакырылыштагы шаардык кеңеш 2016-жылдын декабрь айында шайланып, бирок саясий партиялардын ортосундагы саясий интригалардын айынан таркап кеткен. Быйылкы жылы май айында сегизинчи чакырылыштагы шаардык кеңеш шайланып, бир катар саясий атаандашуулардан кийин КСДП, “Мекеним Кыргызстан”, “Ата-Журт”, “Республика” фракциялары “Ийгилик” көпчүлүк коалициясына биригишкен. “Кыргызстан” жана “Өнүгүү-Прогресс” фракциялары азчылыкта калышкан. Ал эми 9-ноябрда шаардык кеңештин төрагасы, анын орун басарлары жана туруктуу комиссиялар шайланып, шаардык кеңеш ишин баштаган.
Бүгүнкү сессияга бардык депутаттар катышышты, бирок “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын депутаттары сессияга жарым саат кечигип келишти. Ал эми шаар башчылыгына эки талапкер – шаар мэринин милдетин аткаруучу Салайдин Авазов жана “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын лидери Майрамбек Адылбеков ат салышты. С. Авазов өзүнүн программасы тууралуу айткан соң, М. Адылбеков өзүнүн талапкерлигин алып салды.
Добуш берүүнүн жыйынтыгында 31 депутаттын 30у С. Авазовго, 1 депутат М. Адылбековго добуш бергени маалым болду.
С. Авазов 2014-жылы сентябрь айынан бери шаар мэри болуп иштеп келген. Ал иштеп турганда шаарда ири инфраструктуралык өзгөрүүлөр жүз берген.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Жарандык коом ТИМдин ишин сындады
Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...
КООМ 2016-04-27 10:01
Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат
Кыргызстанда ажылыкка аттангандар эмдөөдөн...
КООМ 2016-07-15 18:08
Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...
Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...
КООМ 2016-05-02 23:28
Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...
Үстүбүздөгү жылдын 30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...
КООМ 2016-05-03 00:53
«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...
«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...
КООМ 2016-05-03 01:52
Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда
Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...
КООМ 2016-05-04 16:00
Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда
Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...
КООМ 2016-05-04 16:13