Президент Атамбаев Жалал-Абадда "Газпром" салып жаткан спорт комплекстин курулушуна капсула салды (ФОТО)
Бүгүн, 21-ноябрь күнү КР Президенти Алмазбек Атамбаев Жалал-Абад шаарында мурда Кадыржан Батыровго таандык болгон консерва заводунун жерине "Газпром" ишканасы тарабынан салынып жаткан спорттук комплекстин крулушуна капсула салды.
Курулуш иштери 2018-жылдын сентябрь айында аяктайт. 2500 чарчы метрлик эки кабат имаратта спорттун тогуз түрү боюнча секциялар иштей баштайт. Бул Орусиянын "Газпром" ишканасы Кыргызстандын аймактарына куруп жаткан сегизинчи комплекс болуп саналат. Буга чейин, ушундай эле спорт комплекстер башка облустардын борборлоруна курулган.
Жалал-Аба шаарынын биринчи вице-мэри Турдалы Темирбаевдин берген маалыматына караганда, мэриянын башка муниципалдык жерлери шаар борборунан алыс болгондуктан "Газпром" ал жакка имарат салуудан баш тарткан. Мамлекеттик мүлк фонду менен сүйлөшүп, ушул бир гектар жерди бөлүп беришкен.
“Учурда мүлк фонду тарабынан документ иштери жүрүп жатат. Курулуш иштери толугу менен бүткөрүлгөндөн кийин спорт комплекс шаардын менчигине өтөт”, - деди Темирбаев.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Жалал-Абад шаарында чемпиондорду салтанаттуу тосуп алышты
Жалал-Абад шаарынын “Курманбек баатыр” дарбазасында Жалал-Абад шаарынан барып, дүйнө чемпиону...
СПОРТ 2016-09-21 08:45
Жалал-Абадда «Дени сак жаштар – дени сак өлкө» аталышындагы ...
Кечээ, 20-сентябрда Жалал-Абад шаарында Жалал-Абад шаардык жаштар иштери боюнча комитетинин демилгеси...
СПОРТ 2016-09-21 08:52
Жалал-Абаддан барган балбан Тажикстанда өткөн мелдеште биринчиликти...
Үстүбзүздөгү жылдын 29-апрелинен 1-майга чейин Таджикстан Республикасынын Худжент шаарында спорттун самбо...
СПОРТ 2016-05-02 23:16
"Түнкү бөрүлөр” Европага кирип барышты
“Жеңиш жолу – Берлинге” аттуу мотожүрүшкө катышкан кремлчил “Түнкү бөрүлөр” клубунун...
СПОРТ 2016-05-04 16:08
Казак спортчуларынын канынан допинг табылды
Жыл башынан бери 18 казак спортчусунун канында допинг бар экендиги аныкталган. Алардын айрымдары...
СПОРТ 2016-05-05 10:08
Жалал-Абадда футзал боюнча республикалык кубок өтүп жатат
Жалал-Абад шаарындагы “Динамо” спорт ордосунда Кыргызстандын футзал боюнча Өлкө...
СПОРТ 2016-05-05 11:51
Жалал-Абад Динамо командасы футзал боюнча мелдеште “Өлкөнүн...
Футзал боюнча Кыргызстандын Супер лиганын жеңүүчүсү болгон SRT Ош командасын Жалал-Абад...
СПОРТ 2016-05-07 18:20