Жалал-Абадда милиция кызматкерлерине 100 батирлүү эки көп кабаттуу үй пайдаланууга берилди (ФОТО)
Бүгүн, 21-ноябрь күнү Жалал-Абад шаарында 100 батирлүү 2 көп кабаттуу турак үй милиция кызматкерлерине пайдаланууга берилип, КР Президенти Аламзбек Атамбаев батирлердин ээлерине ачкычтарын салтанаттуу түрдө тапшырды.
Көп кабаттуу үйдүн ачкычын тапшыруу аземинде президент Алмазбек Атамбаев милиционерлерди жаңы конуштары менен куттуктап, чогулгандардын алдында сөз сүйлөдү.
- Өзүңөр билесиңер бир топ жерлерге укук коргоо органдары, милиция үчүн үйлөр салынып жатат. Бүгүн Жалал-Абад шаарында милиция кызматкерлери үчүн 100 квартира берилип жатат. Кудай буйруса, декабрда Ош шаарында да 200 батирлүү үйлөр укук коргоо органдарына берилет. Мындан кийин да жаңы президент армияга, күч органдарына көз салып жүрүш керек. Анткени, эгерде Кыргызстанда тынччылык болсун десең, анда албетте тынччылыкты сактагандар да күчтүү болуш керек. Мына каргашалуу 2010-жылы биз армиянын, милициянын жоктугун көргөнбүз.
Кудайга шүгүр Кыргызстан өзүнүн жолун таап, татынакай мамлекет 6 жылдын ичинде эле курулуп калды. Алты жыл мурун жок болуп кетет деген мамлекет күндөн-күнгө күчтөнүп, гүлдөп баратат. Ушул жолдон кайтпаш керек. Анан менин мекендештерим, көп улуттуу Кыргызстандын өзөгүн кыргыздар түзөт. Жакшылык болсо да, жамандык болсо да жоопту кыргыздар берет. Ошол себептен, жаңы паспортко кыргыз жараны деп өзгөртүү киргиздик. Бир улутту басмырлап, бирин көкөлөтпөй баарына бирдей карайлы. Биздин күч - биримдикте, - деди А.Атамбаев.
Президент Атамбаев милиция кызматкерлерине батирлердин ачкычтарын тапшыргандан кийин, көп кабаттуу үйдүн батирлерин көрүп чыкты. Батирлердин ичи суук экенине нааразы болгон Атамбаев жергиликтүү бийликтин үйгө жылуулук бербегенин сынга алып, кечке чейин жылуулук камсыздалышын өзү көзөмөлгө аларын айтып, тийиштүү мекемелердин жетекчилеририне тапшырма берди.
Ички иштер органдары үчүн атайын салынган Жалал-Абад шаарынын Р.Азимов көчөсүндөгү көп кабаттуу үйдүн курулушу 2016-жылы 13-октябрда башталган. Ал үчүн кыргыз өкмөтү тарабынан 160 млн. сом акча каражаты бөлүнүп берилген. Курулуп бүткөн 5 кабаттууу үйдүн 75 батири бир, 25и эки бөлмөлүү.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Жарандык коом ТИМдин ишин сындады
Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...
КООМ 2016-04-27 10:01
Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат
Кыргызстанда ажылыкка аттангандар эмдөөдөн...
КООМ 2016-07-15 18:08
Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...
Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...
КООМ 2016-05-02 23:28
Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...
Үстүбүздөгү жылдын 30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...
КООМ 2016-05-03 00:53
«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...
«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...
КООМ 2016-05-03 01:52
Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда
Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...
КООМ 2016-05-04 16:00
Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда
Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...
КООМ 2016-05-04 16:13