ЖАЛАЛ-АБАДДА “ДЕНИ САК ЖАШТАР, ДЕНИ САК ӨЛКӨ” АКЦИЯСЫ ӨТКӨРҮЛДҮ
Жалал-Абад шаарында быйылкы 10-ноябрдан 17-ноябрга чейин жарыяланган жаштар жумалыгынын алкагында шаардагы “Курманбек” стадионунда мектеп окуучулары, жогорку жана орто кесиптик окуу жайларынын студенттеринин катышуусунда “Дени сак жаштар, дени сак өлкө” аталышындагы спорттук мелдештер өткөрүлдү. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык жаштар иштери боюнча комитетинин төрагасы Байышбек Ташбаев билдирди.
Анын айтымында, жарыяланган жаштар жумалыгынын алкагында шаар жаштарынын демилгеси менен күн сайын бир канча иш-чаралар өткөрүлүп келүүдө. Ал эми кечээ Эл аралык достук күнүнө карата шаар жаштарынын катышуусу менен борбордук “Курманбек” стадионунда атайын акция уюштурулуп, спорттун алты түрү боюнча жалпы он команданын ортосунда спорттук мелдештер өткөрүлдү. Мелдештерге шаар жаштарынын тышкары шаардагы ар бир аймактык башкаруулардан келген жаш үй-бүлөлөрдүн ортосунда да спорттук мелдештер өткөрүлүп, жеңүүчү үй-бүлөлөргө сыйлыктар тапшырылды.
- Бул спорттук мелдештерди шаардык жаштар иштери боюнча комитети, шаардык дене тарбия жана спорт бөлүмү жана “Эл аралык толеранттуулук үчүн” коомдук фонду менен биргеликте өткөрүлдү. Жаштардын ынтымакка, биримдикке жана достукка чакыруу максатында мындай жаштар жумалыгы шаарда 2015-жылдан тарта уюштурулуп келет. Жумалыктын алкагында жаштар арасында маданий, спорттук жана интеллектуалдык мелдештер өткөрүлөт, - дейт Б.Ташбаев.
Бүгүн, 17-ноябрь күнү Студенттердин эл аралык күнүнө карата шаардагы жаштарга арналган кеңири программадагы шоу-майрам уюштурулат.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Жарандык коом ТИМдин ишин сындады
Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...
КООМ 2016-04-27 10:01
Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат
Кыргызстанда ажылыкка аттангандар эмдөөдөн...
КООМ 2016-07-15 18:08
Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...
Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...
КООМ 2016-05-02 23:28
Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...
Үстүбүздөгү жылдын 30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...
КООМ 2016-05-03 00:53
«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...
«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...
КООМ 2016-05-03 01:52
Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда
Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...
КООМ 2016-05-04 16:00
Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда
Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...
КООМ 2016-05-04 16:13