KELECHEK
rek

“Шумкар” полкунун кызматкери Улан Абдиманап уулу самбо боюнча дүйнөлүк чемпионатта 3-орунга жетишти (ФОТО)

“Шумкар” полкунун кызматкери Улан Абдиманап уулу самбо боюнча дүйнөлүк чемпионатта 3-орунга жетишти (ФОТО)

Россиянын Сочи шаарында 11-12-ноябрь күндөрү өткөн күжүрмөн самбо боюнча Дүйнөлүк чемпионатында КР ИИМдин Атайын багыттагы “Шумкар” полкунун Жалал-Абад шаарындагы өзүнчө ротасынын кызматкери Улан Абдиманап уулу 3-орунга ээ болуп, коло медал тагынды.

Жалал-Абад ОИИБнын басма сөз кызматынын берген маалыматына караганда, өткөн жума соңунда дүйнө чемпионатынын жеңүүчүсүн Жалал-Абад ОИИБнын жетекчилиги, жергилкитүү депутаттар, мектеп окуучулары, студенттер жана кесиптештери ак калпак, чепкен кийгизип тосуп алышты.

Чемпионатка өлкөбүздөн 17 спортчу (15 эркек, 2 аял) катышып анын ичинен Абдиманап уулу Улан 100 килограммдан жогорку салмактагылар арасында жеңишке жетишкен.

 “Буга чейин Ташкентте өткөн Азия чемпионатында 1-орунду алгамын. Бул жолку беттеште алгач Бразилиянын, кийин Кореянын спортсмени менен беттештим. Алтын байгени алам деген ниеттерим бар болчу, насип экен 3-орунду алып калдым. Бирок, шүгүрчүлүк келтирем. Баса белгилеп кетчү нерсе мага колдоо көрсөтүп, шарт түзүп берген ИИМдин, ОИИБнын жетекчилигине, машыктыруучуларыма учурдан пайдаланып ыраазычылык билдирип кетем. Мага болгон ишеничтерин кийинки мелдештерде да актоого бүт аракетимди жасайм”, - деди Улан Абдиманап уулу.

 

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жалал-Абад шаарында чемпиондорду салтанаттуу тосуп алышты

Жалал-Абад шаарында чемпиондорду салтанаттуу тосуп алышты

Жалал-Абад шаарынын “Курманбек баатыр” дарбазасында Жалал-Абад шаарынан барып, дүйнө чемпиону...

СПОРТ 2016-09-21  08:45

Жалал-Абадда «Дени сак жаштар – дени сак өлкө» аталышындагы ...

Жалал-Абадда «Дени сак жаштар – дени сак өлкө» аталышындагы ...

Кечээ, 20-сентябрда Жалал-Абад шаарында Жалал-Абад шаардык жаштар иштери боюнча комитетинин демилгеси...

СПОРТ 2016-09-21  08:52

Жалал-Абаддан барган балбан Тажикстанда өткөн мелдеште биринчиликти...

Жалал-Абаддан барган балбан Тажикстанда өткөн мелдеште биринчиликти...

Үстүбзүздөгү жылдын 29-апрелинен 1-майга чейин Таджикстан Республикасынын Худжент шаарында спорттун самбо...

СПОРТ 2016-05-02  23:16

"Түнкү бөрүлөр” Европага кирип барышты

“Жеңиш жолу – Берлинге” аттуу мотожүрүшкө катышкан кремлчил “Түнкү бөрүлөр” клубунун...

СПОРТ 2016-05-04  16:08

Казак спортчуларынын канынан допинг табылды

Казак спортчуларынын канынан допинг табылды

Жыл башынан бери 18 казак спортчусунун канында допинг бар экендиги аныкталган. Алардын айрымдары...

СПОРТ 2016-05-05  10:08

Жалал-Абадда футзал боюнча республикалык кубок өтүп жатат

Жалал-Абадда футзал боюнча республикалык кубок өтүп жатат

Жалал-Абад  шаарындагы “Динамо”  спорт  ордосунда Кыргызстандын  футзал  боюнча  Өлкө...

СПОРТ 2016-05-05  11:51

Жалал-Абад Динамо командасы  футзал боюнча мелдеште “Өлкөнүн...

Жалал-Абад Динамо командасы футзал боюнча мелдеште “Өлкөнүн...

Футзал боюнча Кыргызстандын Супер лиганын жеңүүчүсү болгон SRT Ош командасын Жалал-Абад...

СПОРТ 2016-05-07  18:20