KELECHEK
rek

Майлуу-Суу шаарынын Левобережная көчөсүндөгү жөө адамдар өтүүчү көпүрө капиталдык ремонттон чыгарылды (ФОТО)

Майлуу-Суу шаарынын Левобережная көчөсүндөгү жөө адамдар өтүүчү көпүрө капиталдык ремонттон чыгарылды (ФОТО)

Майлуу-Суу шаарынын Майлуу-Суу дарыясында шаардын Левобережная көчөсүн байланыштырган жөө адамдар өтүүчү көпүрө сапаттуу капиталдык ремонттон чыгарылды. Бул туурасында ыйгарым укуктуу өкүлдүн басма сөз катчысы билдирди.

Буга чейин авариялык абалга келип калган көпүрөнү капиталдык ремонттон чыгартып берүү өтүнүчү менен Майлуу-Суу шаарынын жашоочулары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиевге атайын кат жолдошкон болчу. Ыйгарым укуктуу өкүл Кыянбек Сатыбалдиев өзүнүн резервдик фондунан көпүрөнү капиталдык ремонттон чыгартууга 150 миң сом ажыратып берген. Ал эми Майлуу-Суу шаарынын мэриясын көпүрөнү оңдоого 800 кг. арматура бөлүп берген.

Сапаттуу капиталдык ремонттон чыгарылган көпүрөнүн ачылыш аземине ыйгарым укуктуу өкүл Кыянбек Сатыбалдиев, өкүлдүн биринчи орун басары Мамасалы Акматов, Майлуу-Суу шаарынын мэри Нурадил Маматов жана Майлуу-Суу шаарынын тургундары катышты. Учурда Майлуу-Суу дарыясындагы Левобережная көчөсүндөгү узундугу 30 метр, туурасы 1,9 метр келген көпүрө сапаттуу капиалдык ремонттон чыгарылып, шаар калкынын кызматында иштеп жатат.

Жолдошбай Осмонов, Жалал-Абад облусу

 

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жоолукчандардын жоругу талкууга жем таштады

Жоолукчандардын жоругу талкууга жем таштады

 

2-апрелде облустук казыят Жалал-Абад мамлекеттик университетинин жыйындар залында “Салттуу...

Аймак 2016-04-27  09:56

Ноокен районунун Сакалды айылында милициянын генерал-майору Э....

Ноокен районунун Сакалды айылында милициянын генерал-майору Э....

Бүгүн, 6-май күнү Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Масы айыл өкмөтүндөгү Сакалды айылында жайгашкан...

Аймак 2016-05-06  17:07

Чаткалда мектепке көмөкчү чарба уюштуруу үчүн марафон өттү

Чаткалда мектепке көмөкчү чарба уюштуруу үчүн марафон өттү

Чаткал районунун Каныш-Кыя айылындагы С. Байдөөлөтов орто мектебинде  23-майда аталган мектепке көмөкчү...

Аймак 2016-05-23  20:40

КР Жогорку Сотунун төрайымы А.Токбаева Чаткалда болду

КР Жогорку Сотунун төрайымы А.Токбаева Чаткалда болду

КР Жогорку Сотунун төрайымы Айнаш Токбаева алыскы райондордогу райондук соттордун...

Аймак 2016-05-30  13:59

Таш-Көмүр шаарынын тургуну атасынан калган куралды мыйзамсыз алып...

Таш-Көмүр шаарынын тургуну атасынан калган куралды мыйзамсыз алып...

Таш-Көмүр шаарында “Арсенал” аталышындагы  ыкчам иш-аракеттердин негизинде Таш-Көмүр шаарынын...

Аймак 2016-06-13  15:51

Ноокен районунда “Хизбут-Тахрир” диний экстремисттик уюмунун...

Ноокен районунда “Хизбут-Тахрир” диний экстремисттик уюмунун...

Жалал-Абад ОИИБгы, УКМК жана облустук казыят менен биргеликте, 11-июнь күнү  Жалал-Абад облусунун...

Аймак 2016-06-13  16:09

Июнь окуясында курман болгон маркум милициянын майору...

Июнь окуясында курман болгон маркум милициянын майору...

"Тарых жана маданият" жылына карата Базар-Коргон РИИБмү тарабынан "Мекеним менин Кыргызстан"...

Аймак 2016-06-14  14:41