АКШда демократтар тобу Трампка импичмент жарыялоого киришти
АКШ Конгрессиндеги Демократиялык партиянын өкүлдөрү президент Дональд Трампка импичмент жарыялоо жараяны башталганын билдиришти. Сенатор Стивен Коэн башында турган алты демократ президентти "Американын Конституциясын бузду" деп айыптаган документти жарыялашты.
A resolution calling for impeachment hearings.pic.twitter.com/JNJAshC5bf
— Luis V. Gutierrez (@RepGutierrez) 15 ноября 2017 г.
Алар Федералдык иликтөө бюросунун (ФБР) директору Жеймс Коминин кызматтан алынышын, соттор менен укук коргоо органдарына басым болуп жатканын мисал келтиришкен. Ошондой эле Трампты өзүн "салык декларациясын жарыялоодон качып жатат" деп сынга алышкан. Конгрессмендердин кайрылуусу Өкүлдөр палатасына өткөрүлүп берилди.
АКШнын Конституциясы президентке импичмент көрсөтүү мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарбайт. Бул үчүн Өкүлдөр палатасында көпчүлүк добуш алып, андан кийин Сенаттын мүчөлөрүнүн үчтөн эки бөлүгүнүн колдоосуна ээ болуш керек.
Быйыл июлда да Конгресске президентке импичмент жарыялоо боюнча сунуш киргизилген, бирок колдоо тапкан эмес. Демократтар мунун ордуна көз каранды эмес комиссия түзүп, президенттик жарыш маалында Трамптын командасы менен Орусиянын ортосунда жең ичинен сүйлөшүү болгон-болбогонун иликтөөнү сунуш кылышкан.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...
Мындай кат менен 13-июлда Британиянын жаңы премьер-министри Тереза Мэйге...
ДҮЙНӨ 2016-07-15 18:14
БУУ: Алепподо гуманитардык колонна аба чабуулуна кабылды
Дүйшөмбүдө автоколоннага...
ДҮЙНӨ 2016-09-21 09:36
VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...
VimpelCom акционерлери компаниянын аброюна шек келтирди деген айып менен норвегиялык Telenor Group түзүмүнүн...
ДҮЙНӨ 2016-05-02 23:03
Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат
БУУнун Сирия боюнча өкүлү бүгүн Сириядагы тынчтык жараяны менен убактылуу жарашуу режимин калыбына...
ДҮЙНӨ 2016-05-04 15:45
НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо
АКШ коргоо министринин айтымында, бул күчтөр “орусиялык агрессияга” бөгөт коюу максатында...
ДҮЙНӨ 2016-05-04 16:06
Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады
Республикачы, миллиардер Дональд Трамп Индиана штатында жеңишке жетишти. Бул АКШ президенттигине ат...
ДҮЙНӨ 2016-05-04 16:46
АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду
Иракта америкалык авиасоккудан улам “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун алдынкы...
ДҮЙНӨ 2016-05-05 16:52









