KELECHEK
rek

Борбор Азия терроризмдин булагына айландыбы?

Борбор Азия терроризмдин булагына айландыбы?

АКШ рохинжаларга карата зомбулукту иликтөөнү талап кылууда

АКШнын мамлекеттик катчысы Рекс Тиллерсон 600 миңге жакын рохинжа мусулманын коңшу Бангладешке качууга аргасыз кылган зомбулук аракеттерин көз карандысыз жана эл аралык иликтөөгө көндүрүү үчүн Мьянма бийлигине басым жасады, деп жазды The Wall Street Journal.Тиллерсонду коштоп жүргөн АКШ Мамдепартаментинин жогорку кызматтагы аткаминери билдиргендей, мамлекеттик катчы рохинжа качкындары кайра кайтып келиши үчүн Ракхайн штатында тынчтык менен туруктуулук болушу керектигин билдирген. Бул тууралуу The Asahi Shimbun жапон агенттиги билдирди. Аткаминердин айтымында, Вашингтон «рохинжаларга карата зомбулукту токтотуу жана Ракхайндагы окуялар боюнча көз карандысыз иликтөө жүргүзүлүшү үчүн" күрөшүүдө.

"Кремлдин троян аттары-2"

Италиянын La Repubblica гезити "Кремлдин троян аттары-2" аттуу баяндамага шилтеме кылып, "Москва Мадридден Афинага чейин Европадагы абалды туруксуздаштырууга ниеттенүүдө", деп жазды. Баяндаманы Польшанын мурдагы ТИМ башчысы Радослав Сикорски жетектеген The Atlantic Council аналитикалык борбору жарыялаган. Кремль Европадагы саясатты өзгөртүү үчүн чечүүчү европалык саясатчыларды, эксперттерди жана коомдук топторду «троян аттары» катары пайдаланууда, деп эсептешет баяндаманын авторлору. Италияда Кремлдин пропагандасы оңчулдарга жакын «Түндүк Лига» (Lega Nord) жана «Беш жылдыздын кыймылы» (Movimento 5 Stelle) партияларына таянышы мүмкүн.

Борбор Азия терроризмдин булагыбы же дүйнө ага каршы натыйжасыз күрөшүүдөбү?

The Diplomat басылмасы Борбор Азия терроризмдин булагыбы деген суроого жооп издеген. Мындай суроо жакында эле Өзбекстандын жараны Нью-Йоркто теракт жасагандан кийин көтөрүлгөн.«Аймактан чыккан адамдар чет өлкөлөрдө көп убакыт жүргөндөн кийин гана террористтерге айланып жатышат. Демек борборазиялыктардын эктремисттик топторго кошулуп жатканын түшүнүү үчүн аймактагы башкаруу формаларын же экономикалык абалды гана айтуу жетишсиз. Борбор Азия өкмөттөрү экстремисттик топторго каршы күрөшүүдө кыйла натыйжалуу аракеттерди көрүшөт. Андыктан маселе Советтик мурастын фонунда улуттук иденттүүлүктү издөө жана дүйнөдө терроризмге каршы күрөшүүнүн натыйжасыздыгында болушу мүмкүн», деп болжолдогон басылма.

Астаналыктарды "ыза кылган" чех туристтери

Алты чех туристи ачык жашыл түстөгү сууга түшүү кийими жана Борат үлгүсүндөгү белгилүү кара кеп чач менен Казакстан борборундагы I love Astana жазуусунун алдында фотосессия жасоого аракет кылышкан, деп жазат The Guardian. Полиция чет элдиктерди кармап кетип, коомдук жайдагы бейбаштык үчүн алардын ар бирине 22 500 (68 теңге) теңге айып пул салган. “Борат суулугу” обого “Борат” тасмасы чыккандан кийин белгилүү болгон. Фильмде америкалык куудул Саша Барон Коэн АКШда саякаттаган тележурналисттин образын жараткан. Тасма Казакстанды артта калган өлкө катары көрсөтүү менен казактарды ыза кылган, деп белгилеген басылма.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

АКШ Coursera платформасына Крымга кайтууга уруксат берди

АКШ Coursera платформасына Крымга кайтууга уруксат берди

АКШ өкмөтү санкцияларга карабастан...

Германия

Германия "G7 плюс Орусия" форматы аягына чыккандыгын билдирди

Расмий Берлиндин пикиринде,  азырынча Орусиянын алдыңкы индустриялуу өлкөлөрдүн чөйрөсүнө...

Генерал Бридлав Орусияга көбүрөөк көңүл бурууга чакырды

Генерал Бридлав Орусияга көбүрөөк көңүл бурууга чакырды

Ал америкалык "Уолл-стрит жорнал" гезитине берген маегинде Орусия туудурган коркунучтарга...

Европада качкындарды кабыл алуудан баш тарткан өлкөлөргө санкция...

Европада качкындарды кабыл алуудан баш тарткан өлкөлөргө санкция...

Financial Times гезити кабарлагандай, Еврокомиссия  ЕБга кирген кайсы бир өлкө качкындарды кабыл алуудан...

Обама: атайын операциялар-терроризмге каршы күрөштө башкы курал

Обама: атайын операциялар-терроризмге каршы күрөштө башкы курал

Атайын бөлүктөрдүн чалгындоо маалыматтарын камтыган операциялары америкалык президенттер үчүн...

Өзбекстанда Казакстандагы митингдерди чагылдырууга тыюу салынды

Өзбекстанда Казакстандагы митингдерди чагылдырууга тыюу салынды

Asiaterra интернет-басылмасы билдиргендей, Би-Би-Си орус кызматынын сайтындагы «Редактордун...

National Geographic Кыргызстанда фототур уюштурат

National Geographic Кыргызстанда фототур уюштурат

National Geographic журналы Кыргызстанда фототур уюштурат. Бул тууралуу аталган журналдын (nat-geo.ru) расмий...