Жалал-Абадда “Күзгү түшүм” жарменкеси өттү (ФОТО)
Кечээ, 15-ноябрда Жалал-Абад шаарынын борборунда айыл чарба азык-түлүктөрүнүн жарменкеси өттү. Бул туурасында ыйгарым укуктуу өкүлдүн басма сөз катчысы маалымдады.
Облустун борборунда өткөн айыл чарба азык-түлүктөрүнүн жарменксине Сузак, Базар-Коргон райондорунун жана Жалал-Абад шаарынын дыйкандары менен фермерлери өстүрүп жетиштирген айыл чарба азык түлүктөрүнүн ондогон түрлөрү арзан баада сатыкка чыгарылды. “Ак төөнүн карды жарылган” күз айында айыл чарба азык-түлүктөрүнүн “Түшүм майрамы” жарменкеси облустун борборунда жыл сайын өткөрүлүп келет.
Жарменкени уюштуруп өткөрүүнүн демилгечилери ыйгарым укуктуу өкүлдүн аппараты менен район-шаарлардын айыл чарба департаменттери болушту. Айыл аймактарынан келишкен фермерлер менен дыйкандар, жеке ишкерлер өздөрү өстүргөн айыл чарба азык-түлүктөрүн кеңири ассортиментин жарменкеге келген элге кеңири сатуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. Облустун борборунда өткөн жарменкеге ыйгарым укуктуу өкүлдүн биринчи орун басары Мамасалы Акматов, өкүлдүн орун басары Ырысбек Ызабеков жана район-шаарлардын жетекчилери катышты.
“Түшүм майрамы” жарменкесинин ишине активдүү катышкан бир катар айыл аймактары менен жеке фермерлерге ыйгарым укуктуу өкүлдүн Ардак грамоталары тапшырылды.
Жолдошбай Осмонов, Жалал-Абад облусу
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Жарандык коом ТИМдин ишин сындады
Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...
КООМ 2016-04-27 10:01
Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат
Кыргызстанда ажылыкка аттангандар эмдөөдөн...
КООМ 2016-07-15 18:08
Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...
Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...
КООМ 2016-05-02 23:28
Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...
Үстүбүздөгү жылдын 30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...
КООМ 2016-05-03 00:53
«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...
«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...
КООМ 2016-05-03 01:52
Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда
Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...
КООМ 2016-05-04 16:00
Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда
Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...
КООМ 2016-05-04 16:13