KELECHEK
rek

Тажикстанда камактагы генералдын үйү бала бакчага айланды

Тажикстанда камактагы генералдын үйү бала бакчага айланды

Тажикстанда өмүр бою эркинен ажыратылган генерал Гаффор Мирзоевдин мамлекеттин карамагына алынган үйүндө бала бакча ачылды.

Өлкөнүн Жогорку соту 2006-жылы Улуттук гвардия менен Баңгизатын көзмөлдөө агенттигинин мурдагы жетекчиси Мирзоевди мамлекеттик төңкөрүш жасоого аракет кылган деп таап, мүлкүн мамлекеттин пайдасына алуу менен өмүр бою эркинен ажыраткан.

Мурдараак Куляб мамлекеттик университетинин жетекчилиги шаардын борборундагы жарым гектар жерди ээлеп турган генералдын үйүндө электрондук китепкана ачууну сунуштаган.

Бирок 10-ноябрда окуу жайдан үй оңдолуп, анда бала бакча ачылганын билдиришти. Университет жетекчилигинин айтымында, жаңы бала бакчада окуу жайда эмгектенген мугалимдердин балдары тарбияланат. «Бул имарат жаңы миссиясына киришүүгө толугу менен даяр. Үйдүн айланасындагы бийик таш тосмо алынып, аймак темир тор менен курчалды», - деп билдиришти окуу жайдан.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, жарандык согуштан кийин Гаффор Мирзоев шаардын ортосудагы жер тилкесин өзүнө алып, үйүн бийик тосмо менен курчап алган.

Учурда анын үч үй-бүлө мүчөсү — иниси Абдурасул Мирзоев, уулу жана карындашынын күйөөсү абакта камакта жатышат.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

АКШнын космостук кемеси Юпитердин орбитасына жетти

АКШнын космостук кемеси Юпитердин орбитасына жетти

Юпитердин гравитация жана магниттик талааларын иликтеп, анын атмосферасына байкоо салган...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-07-05  23:34

Жалал-Абадда “Жол кыймылынын жаш инспектору” аталыштагы кароо-сынак...

Жалал-Абадда “Жол кыймылынын жаш инспектору” аталыштагы кароо-сынак...

Жалал-Абад шаарындагы Кыргыз-Түрк лицейинде 29-апрель күнү жыл сайын өтүүчү “Жол кыймылынын жаш...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-02  12:13

Казакстанда балдар 6 жаштан мектепке бара баштайт

Казакстанда балдар 6 жаштан мектепке бара баштайт

Казакстандын мектептеринде 12 жылдык окутуу программасына өтүү иши төрт жыл ичинде толугу менен...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-04  16:32

Окуучулар арасында “Мээримдүүлүк түбөлүккө жашасын!” аталыштагы...

Окуучулар арасында “Мээримдүүлүк түбөлүккө жашасын!” аталыштагы...

Бүгүн, 7-май күнү Жалал-Абад шаарынын Барпы театрынын алдында КР Улуттук Кызыл Ай коомунун облустагы...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-07  15:23

Окумуштуулар Кыргызстандан соолуган океандын фрагментин табышты

Окумуштуулар Кыргызстандан соолуган океандын фрагментин табышты

Эл аралык окумуштуулар тобу Кыргызстандын Тянь-Шань тоолорунан илгери соолуп калган океандын...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-11  17:16

Өзбекстан: окуучулардын мечитке баруусуна тыюу салынды

Өзбекстан: окуучулардын мечитке баруусуна тыюу салынды

Өзбекстан бийлиги ашкере исламдашуудан арылуу саясатынын негизинде каникул учурунда балдардын...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-11  17:26

Жалал-Абаддагы Экономика жана ишкердик университетинде “Ачык эшик”...

Жалал-Абаддагы Экономика жана ишкердик университетинде “Ачык эшик”...

Жалал-Абад шаарындагы Экономика  жана  ишкердик университетинде “Ар бир  кесип  ардактуу”...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-13  09:30