KELECHEK
rek

Жалал-Абадда бейбаштык кылгандар коомдук жумушка тартылууда (ФОТО)

Жалал-Абадда бейбаштык кылгандар коомдук жумушка тартылууда (ФОТО)

Үстүбүздөгү жылдын 8-ноябрдагы бейбаштык уюштурган жарандардын ичинен 13 адам 5 суткага камалып коомдук жумуштарга тартылууда. Мындан сырткары 5 адам 2 айга камакка алынууда. Мындай чечимди Жалал-Абад шаардык соту чыгарды. Эскерте кетсек, аларга карата Кылмыш жаза кодексинин бейбаштык жана бийлик өкүлүнө зомбулук көрсөтүү беренелери боюнча айып тагылган.

Жалал-Абад ОИИБнын басма сөз кызматынын берген маалыматына караганда, 2017-жылдын 8-ноябрь күнү саат 17:15 чамасында Жалал-Абад шаарынын Барпы театрынын алдында тойдо жоро-жолдоштор болуп жүргөн азият улутундагы жаштар 25-30 чамасындагы мас абалда эркек балдар өздөрүнүн автоунааларында жол коопсуздугун бузушуп, ошондой эле оозго алгыс сөздөр менен сөгүнүшүп, коомдук тартипти бузушуп, автоунаалары менен жолдон өтүп жаткан автоунааларга ыңгайсыз абал жаратышкан.

Ошол учурда Жалал-Абад ОИИБы боюнча ПМБнүн саптык бөлүгүнүн кызматкерлери барышып, коомдук тартипти сактоону эскерткен учурда тойго чыккан жаштар койгон мыйзамдуу талаптарына баш ийбестен, аларга каршылык көрсөтүшүп, Жалал-Абад ОИИБы боюнча ПМБнүн саптык бөлүгүнүн кызматкерлерине жардамга келген кызматтык автоунаасын он тараптагы артты көрсөткүч күзгүзүн жана алдыңкы капотун уруп талкалап салышып, андан кийин милиция кызматкерлери эскертүү иретинде асманга эки жолу ок атканда, тополоң жасап жаткан адамдар кылмыштуу аракеттерин токтотушкан.

Бул факты боюнча Жалал-Абад ШИИБнүн тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын КЖКнин 234-бер. (бейбаштык) 3-бөл. 3-п., 341-бер. (Бийлик өкүлүнө карата зомбулук көрсөтүү) менен кылмыш иши козголуп, ар тараптуу толук тергөө амалдары жүргүзүлүүдө. 

“Бүгүнкү күндө бул факты боюнча кылмышка шектүү катарында: Ноокен районунун орто жашы 25-29 жаштардагы 18 атуул кармалып, 13 адам 5 суткага камалып коомдук жумуштарга тартылууда. Мындан сырткары, 5 адам 2 айга камакка алынууда. Мындай чечимди Жалал-Абад шаардык соту чыгарды”, - деп билдирет Жалал-Абад ОИИБнын басма сөз кызматы.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...

УКУК 2016-07-05  23:25

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...

УКУК 2016-07-05  23:39

УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес

УКУК 2016-09-21  10:11

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...

УКУК 2016-05-02  11:39

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...

УКУК 2016-05-02  22:10

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы  эсебинен 17,5 миң  долларын 4 айдан...

УКУК 2016-05-02  22:38

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...

УКУК 2016-05-02  22:53