Жалал-Абад облустук Барпы театры 25-театралдык жаңы сезонун ачты (ФОТО)
Кечээ, 9-ноябрда Жалал-Абад облустук Барпы атындагы кыргыз драма театрынын 25 жылдык мааракеси жана маданият кызматкерлеринин кесиптик күнү салтанаттуу белгиленди. Бул туурасында ыйгарым укуктуу өкүлдүн басма сөз катчысы маалымдады.
Салтанаттуу иш-чарага облустук жана шаардык мекеме-уюмдардын жетекчилери, жогорку жана атайын окуу жайларынын студенттери жана маданият менен искусствонун күйөрмандары катышты. Конокторго Барпы апыздын өмүрү жана чыгармачылыгы туурасында театралдык постановка тартууланды.
Ыйгарым укуктуу өкүлдүн биринчи орун басары Мамасалы Акматов Барпы театрынын чыгармачыл эмгек жамаатын жана маданият тармагынын кызматкерлерин бүгүнкү кош майрамдары менен куттуктады. Ал эми ыйгарым укуктуу өкүлдүн орун басары Ырысбек Ызабеков театрдын жана маданияттын бир катар чыгармачыл инсандарын ыйгарым укуктуу өкүлдүн аппаратынын Ардак грамотасы жана акчалай сыйлыктарын тапшырды.
Сыйлык алгандардын катарында Кыргыз Республикасынын эл артисттери Шахра Талипова, Арзыбек Бедияров, Кыргыз эл акыны Рахматулла Козукеев баш болгон ондогон өнөр инсандары болушту. Жалал-Абад облустук Барпы атындагы кыргыз драма театрынын чыгармачыл эмгек жамааты өздөрүнүн 25-театралдык сезонун грузун элинин драматургу Антон Цагареллинин “Ханума” аттуу комедиясынын премьерасын элге тартуулоо менен башташат.
Жолдошбай Осмонов, Жалал-Абад облусу
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Бишкекте эл аралык балет фестивалы өтөт
Кыргыз академиялык опера жана балет театрында 15-майдан 21-майга чейин балет искусствосунун IV эл аралык...
МАДАНИЯТ 2016-05-06 17:34
Сузакта “Жеңиш ырлары окуучулар арасында” аталышындагы кароо-сынак...
Бүгүн, 7-май күнү Жалал-Абад шаарындагы облустук Барпы театрында Сузак райондук Ооган согушунун ардагерлер...
МАДАНИЯТ 2016-05-07 15:33
"Жаныбек казы" тарыхый драмасы Бишкек шаарынын көрүүчүлөрүнө...
Үстүбүздөгү жылдын 16-май күнү Жалал-Абад облустук Барпы театрынын артисттери “Жаныбек казы” тарыхый...
МАДАНИЯТ 2016-05-13 05:41
Жамала «Евровидение-2016” сынагын жеңип, Украинага кайтты
Быйыл “Евровидение” сынагында жеңишке ээ болгон украиналык ырчы Жамала бул ийгилигине шыктанып,...
МАДАНИЯТ 2016-05-16 19:07
Каннда "Алтын пальманын" жеңүүчүлөрү белгилүү болду
69-жолу өтүп жаткан фестивалдын эң мыкты тасмасы катары британиялык режиссер Кен Лоучдун “Мен,...
МАДАНИЯТ 2016-05-23 16:13
Тарых жана маданият жылына арнап Сузактык окуучу өзүнүн китебин...
Кыргыз Республикасынын Президентинин демилгеси менен үстүбүздөгү жыл "Тарых жана маданият жылы"...
МАДАНИЯТ 2016-05-23 18:32
Жалал-Абад шаарында бий фестивалы өтүүдө
Жалал-Абад шаарындагы Курманбек стадионунда КР Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин жана...
МАДАНИЯТ 2016-05-24 23:29