KELECHEK
rek

Жалал-Абад шаарында өткөн үлпөт тойдогу мушташты милиция асманга ок чыгарып токтотту

Жалал-Абад шаарында өткөн үлпөт тойдогу мушташты милиция асманга ок чыгарып токтотту

Кечээ, 8-ноябрь күнү саат 17:15 чамасында Жалал-Абад шаарынын Барпы театрынын алдында тойдо жоро-жолдоштор болуп жүргөн азият улутундагы жаштар (25-30 чамасындагы мас абалда эркек балдар) өздөрүнүн автоунааларында жол коопсуздугун бузушуп, патрулдук милицияга баш ийбей, ортодо мушташ чыккан.

Жалал-Абад ОИИБнын басма сөз кызматынын берген маалыматына караганда, мас абалдагы жаштар оозго алгыс уят сөздөр менен сөгүнүшүп, коомдук тартипти бузушуп, автоунаалары менен жолдон өтүп жаткан автоунааларга ыңгайсыз абал жараткан. Ошол учурда Жалал-Абад ОИИБнын ПМБнүн саптык бөлүгүнүн кызматкерлери барышып, коомдук тартипти сактоону эскерткен учурда алар койгон мыйзамдуу талаптарына баш ийбестен, аларга каршылык көрсөтүшүп, Жалал-Абад ОИИБы боюнча ПМБнүн саптык бөлүгүнүн кызматкерлерине жардамга келген кызматтык автоунаасын он тараптагы артты көрсөткүч күзгүзүн жана алдынкы капотун уруп талкалап салышып, андан кийин милиция кызматкерлери эскертүү иретинде асманга эки жолу ок атканда, тополон жасап жаткан адамдар кылмыштуу аракеттерин токтотушкан.

Бул факты боюнча Жалал-Абад ШИИБнүн тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын КЖКнин 234-беренесинин (бейбаштык) 3-бөл. 3-п., 341-беренесинин (Бийлик өкүлүнө карата зомбулук көрсөтүү) менен кылмыш иши козголуп, ар тараптуу толук тергөө амалдары жүргүзүлүүдө. 

Бүгүнкү күндө бул факты боюнча кылмышка шектүү катарында: Ноокен районунун орто жашы 25-29 жаштардагы 13 атуул кармалып, Жалал-Абад шаардык милиция бөлүмүнө алынып келинди.

Алардын айрымдарына Кыргыз Республикасынын Адм. Кодексинин 364-беренесининталаптарына ылайык жоопкерчиликке тартылышып, административдик протоколдор түзүлсө, калгандарына Кыргыз Республикасынын ЖПКнин 94-беренесинин негизинде Жалал-Абад ШИИБнүн УКЖна киргизилип, камакка алынды.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Таш-Көмүр шаарында уурулук жасап эч жерде иштебеген Аксынын жараны...

Таш-Көмүр шаарында уурулук жасап эч жерде иштебеген Аксынын жараны...

Таш-Көмүр шаардык милиция кызматкерлери тарабынан кылмыштарды жасаган Аксы районунун 24 жаштагы...

Ирактагы жардыруулардан 30дан ашуун өмүр кыйылды

Ирактагы жардыруулардан 30дан ашуун өмүр кыйылды

Жекшембиде Ирактын түндүгүндөгү Самава шаарында кош жардыруудан 32 адам мерт болуп, 70тен ашуун киши...

Тажикстан: телефон аркылуу акча өөнөгөн кыз 13 жылга кесилиши мүмкүн

Тажикстан: телефон аркылуу акча өөнөгөн кыз 13 жылга кесилиши мүмкүн

Хатлон облусунун Пянж районунун укук коргоо органдары 25 жаштагы Икболмох Лутфуллозодага каршы...

Орусияда массалык адам өлтүрүүгө шектелгендер камалды

Орусияда массалык адам өлтүрүүгө шектелгендер камалды

Самара облусундагы Сызрань райондук соту ИИМ аймактык башкы башкармалыгынын штаб башчысынын орун...

Министр К.Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги...

Министр К.Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги...

КР Өзгөчө кырдаал министри Кубатбек Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги 76 турак...

“Домодедово” аэропортунда Тажикстандын жараны камакка алынды

“Домодедово” аэропортунда Тажикстандын жараны камакка алынды

Орусиянын ИИМи орусиялык тартип сакчысынын үй-бүлөсүн өлтүргөн деп шектелген адам Дүйшөмбү-Москва...

Ондогон адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды

Ондогон адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды

Өзбекстанда онго жакын адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды. Алардын арасында...